Көп күттүргөн Көчмөндөр оюндарынын ачылышынан ажайып 20 сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылыш аземинде тартылган сүрөттөр топтомун сунуштайт.

2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Көчмөндөр оюндарынын ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземинде көчмөн элинин тарыхы чагылдырылып, улам доор алмашып отуруп азыркы ааламдашуу заманына чейинки учурду көрсөтүп беришти. Андан соң спортчулардын делегациясы салтанаттуу жүрүшкө чыгышты. Соңунда президент Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сөзүн айтып, расмий түрдө ачык деп жарыялады да Кыргызстандын гимни жаңырып, асманга салюттар атылды. 

Өзгөчө шаң, өзгөчө кооздук. Көчмөндөр оюндарынын ачылышынан видео - Sputnik Кыргызстан
Ат жалындагы селки, Карахан менен кагышуу. Көчмөн элди сыймыктандырган видео
Спорттук мелдештерге катышуу үчүн 66 мамлекеттен (Россиянын 11 субъектиси) 1566 спортчу электрондук каттоодон өткөн. Алар спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Мелдешке 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген. Оюнчулардын саны боюнча Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттери сап башында турат. 

Мелдеште жалпы жонунан 594 медаль ойнотулат. Анын ичинен алтын — 174, күмүш — 173, коло — 247. Байге фонду 28 миллион сомду түздү. 

Спорттук мелдештер Чолпон-Атадагы ипподромдо, Ден соолуктуу чыңдоо борборунда, Евразия пансионатында жана “Кырчын” жайлоосунда өтөт. Ал эми маданий иш-чаралар Бостери айылындагы “Nomad” амфитеатрында жана Кырчын этно-шаарчасында болмокчу. Кайсы күнү кандай иш-чара өтөт бул жактан биле аласыздар

Белгилей кетсек, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын Кыргызстан ушуну менен үчүнчү ирет өткөрүп жатат. Кийинки 2020-жылы өтө турган оюндардын эстафетасы Түркия мамлекетине тапшырылды.

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөр оюдарынын ачылыш аземи “Дүйнөнүн пайда болушу” деп аталган театрлаштырылган көрсөтүү менен башталды
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
1/20
Көчмөндөр оюдарынын ачылыш аземи “Дүйнөнүн пайда болушу” деп аталган театрлаштырылган көрсөтүү менен башталды
© Sputnik / Табылды КадырбековТеатрлаштырылган көрсөтүү үч этапка бөлүнүп жашоонун жана адамзаттын пайда болушу, көчмөн цивилизациясынын жаралуу тарыхы чагылдырылды
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
2/20
Театрлаштырылган көрсөтүү үч этапка бөлүнүп жашоонун жана адамзаттын пайда болушу, көчмөн цивилизациясынын жаралуу тарыхы чагылдырылды
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз жерине кут конуп, Манас төрөлүп эл кубанычка баткан учур
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
3/20
Кыргыз жерине кут конуп, Манас төрөлүп эл кубанычка баткан учур
© Sputnik / Табылды КадырбековКоноктор көчмөндөрдүн оюн-зоокторунан тарта, айыгышкан душмандарына чейин көрө алышты
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
4/20
Коноктор көчмөндөрдүн оюн-зоокторунан тарта, айыгышкан душмандарына чейин көрө алышты
© Sputnik / Табылды КадырбековКарахандын аскери Манас жана анын 40 чоросу менен болгон согушта
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
5/20
Карахандын аскери Манас жана анын 40 чоросу менен болгон согушта
© Sputnik / Табылды КадырбековАт жалында шамалдай ойногон улан-кыздардын өнөрү элди таң калтырып, көңүлун көтөрдү. Каскадерлор 100гө чукул ат минип чыгып оюн көргөзүштү
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
6/20
Ат жалында шамалдай ойногон улан-кыздардын өнөрү элди таң калтырып, көңүлун көтөрдү. Каскадерлор 100гө чукул ат минип чыгып оюн көргөзүштү
© Sputnik / Табылды КадырбековСахнада умай эне. Көчмөндөр оюндарынын ачылышына жүздөгөн бийчилер катышты
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
7/20
Сахнада умай эне. Көчмөндөр оюндарынын ачылышына жүздөгөн бийчилер катышты
© Sputnik / Табылды КадырбековДагы бир жүрөк толкуткан учур 1000 киши бир учурда манас айтканы болду
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
8/20
Дагы бир жүрөк толкуткан учур 1000 киши бир учурда манас айтканы болду
© Sputnik / Табылды КадырбековСалтанаттуу аземдин башкы режиссеру Алтынбек Максүтов, коючу режиссеру Виктор Фельд.
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
9/20
Салтанаттуу аземдин башкы режиссеру Алтынбек Максүтов, коючу режиссеру Виктор Фельд.
© Sputnik / Табылды КадырбековКөпчүлүк күткөн Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи саат 20.00дө башталып эки саатка созулду
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
10/20
Көпчүлүк күткөн Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи саат 20.00дө башталып эки саатка созулду
© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын Кыргызстан ушуну менен үчүнчү ирет өткөрүп жатат. Кийинки 2020-жылы өтө турган оюндардын эстафетасы Түркия мамлекетине тапшырылды.
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
11/20
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын Кыргызстан ушуну менен үчүнчү ирет өткөрүп жатат. Кийинки 2020-жылы өтө турган оюндардын эстафетасы Түркия мамлекетине тапшырылды.
© Sputnik / Табылды КадырбековСпорттук мелдештер жана маданий иш-чаралар 8-сентябрга чейин уланат.
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
12/20
Спорттук мелдештер жана маданий иш-чаралар 8-сентябрга чейин уланат.
© Sputnik / Табылды КадырбековӨлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун да кубанычы койнуна батпай жатканы билинип турду. Мында сөз сүйлөө үчүн трибунага чыгып баратып эл менен саламдашып жатат.
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
13/20
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун да кубанычы койнуна батпай жатканы билинип турду. Мында сөз сүйлөө үчүн трибунага чыгып баратып эл менен саламдашып жатат.
© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сөзүн айтып, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын расмий түрдө ачык деп жарыялады.
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
14/20
Президент Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сөзүн айтып, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын расмий түрдө ачык деп жарыялады.
© Sputnik / Табылды КадырбековКээ бир өлкөлөр өзүнүн улуттук кийимдерин кийип келишкен.
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
15/20
Кээ бир өлкөлөр өзүнүн улуттук кийимдерин кийип келишкен.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын спорттук делегациясынын туусун белгилүү улакчы Манас Ниязов көтөрүп чыкты
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
16/20
Кыргызстандын спорттук делегациясынын туусун белгилүү улакчы Манас Ниязов көтөрүп чыкты
© Sputnik / Табылды КадырбековМелдешке 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
17/20
Мелдешке 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген
© Sputnik / Табылды КадырбековАягында Кыргызстандын гимни жаңырып, асманга салют атылды.
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
18/20
Аягында Кыргызстандын гимни жаңырып, асманга салют атылды.
© Sputnik / Табылды КадырбековСпорттук мелдештер Чолпон-Атадагы ипподромдо, Ден соолуктуу чыңдоо борборунда, Евразия пансионатында жана “Кырчын” жайлоосунда өтөт.
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
19/20
Спорттук мелдештер Чолпон-Атадагы ипподромдо, Ден соолуктуу чыңдоо борборунда, Евразия пансионатында жана “Кырчын” жайлоосунда өтөт.
© Sputnik / Табылды КадырбековМаданий иш-чаралар Бостери айылындагы Nomad амфитеатрында жана Кырчын этно-шаарчасында болмокчу.
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
20/20
Маданий иш-чаралар Бостери айылындагы Nomad амфитеатрында жана Кырчын этно-шаарчасында болмокчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0