15:48 25 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Сүрөт

Мөлтүрөп аккан жаш, этекке чаптырбаган Муслим. Азия чемпионатындагы ирмемдер

Кыскача шилтеме алуу
Күрөш боюнча Азия чемпионаты-2018 (39)
375 0 0
  • Ираан, Ирааан, — дал ушинтип ирандыктар балбандарын алты күн бою сүрөп турду. Анан да спортчулары карылуулугу менен эсте калды
  • Жеңиш! Алтын медаль тагынган түндүк кореялык балбан сүйүнүчтөн көзүнөн мөлтүрөп жаш акты
  • Айбек Усупов (97 кг) коло медаль үчүн япониялык балбан Такеши Ямагучи менен кармашып жаткан учуру. Тилекке каршы үчүнчү орун атаандашына буюрду
  • Казак балбаны ирандык спортчуну буттан алганда... Эркин күрөштүн грек римден айырмасы көп ыкмаларга уруксат берилгендигинде
  • Кыргызстандык Эламан Догдурбек уулу (70 кг) дагы коло үчүн кармашып, бирок, акыркы мүнөттөрдө ийгилик ташы атаандашына ооп кеткен
  • Жеңиши бир ирмемде калган ирандык балбан жана аны таптаган машыктыруучусу
  • Улук Жолдошбеков ирандык балбан Иман Мохтар Садегхикукандени жер каратып, коло байге тагынды
  • Кыргызстандык Муслим Евлоев финалда монгол балбаны Мандахранан Ганзориг менен кармашып жатат
  • Муслим Евлоев Ингушетияда төрөлгөн, легионер спортчу
  • Кореялык балбан индиялык спортчуну оодарып койсо жакшы упай алат
  • Намыска жарады! Муслим Евлоев эркин күрөш боюнча Кыргызстанга жалгыз алтын медаль алып келди
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Ираан, Ирааан", — дал ушинтип ирандыктар балбандарын алты күн бою сүрөп турду. Анан да спортчулары карылуулугу менен эсте калды

Бүгүн, 4-мартта күрөш түрлөрү боюнча Азия чемпионаты аяктады. Мелдештин акыркы эки күнү эркин күрөшкө арналган. Анда Муслим Евлоев (74 кг) алтын жана Улукбек Жолдошбеков (61 кг) коло байгеге ээ болушту.

27-28-февраль күндөрү грек-рим күрөшү боюнча курама команда 8 медаль топтоп, командалык эсепте биринчи орунду ээлеген. Ал эми 1-2-март күндөрү өткөн кыз-келиндер арасындагы беттеште Кыргызстандын капчыгына бир коло байге буйруду.

Тема:
Күрөш боюнча Азия чемпионаты-2018 (39)

Тема боюнча

Балбан Евлоев Кыргызстандын капчыгына алтын алып келгенде... Беттештин видеосу
Олимпиада — 2008: КР балбаны Базаргуруев 10 жылдан кийин коло медалга ээ болду
Сүйүнчү! Кыргызстандык балбан Муслим Евлоев алтын медаль тагынды
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, Муслим Евлоев, эркин күрөш, балбан, медаль, алтын, сүрөт

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ