01:02 23 Аяк оона 2017
Түз эфир
Сүрөт

Кандуу кара келтектин курмандыктарын кучагына алган "Ата-Бейит". Архивдик сүрөттөр

Кыскача шилтеме алуу
518 0 0
  • Перезахоронение жертв репрессий в мемориальном комплексе Ата-Бейит

© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
Эски аянттагы митинг. Эл Бишкектин борборуна сталиндик репрессиянын курмандыктарын акыркы жайына кайрадан узатууга чогулган. 1991-жыл

1938-жылы репрессияга кабылып, түндөп атылып, чуңкурга жашыруун ташталган кыргызстандык жарандардын 53 жылдан кийин "Ата-Бейитке" урмат менен кайра көмүлгөн күнүнө бүгүн 26 жылдын жүзү болду.

Бул датага карата Sputnik Кыргызстан Мамлекеттик борбордук архивден алынган сейрек сүрөттөрдү окурмандарга тартуулайт.

Ата-Бейиттин ыйы жана зыйнаты. 26 жыл илгери. Архивден алынган кадрлар
© Sputnik / Эмиль Садыров , Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
Расмий маалыматтарда 1938-жылы 5-8-ноябрда кыш заводунун мешине атылган 138 адамдын сөөгү үстү-үстүнө ташталып, шашылыш көмүлгөндүгү айтылат.

Жарым кылымга жакын катылып жаткан сырды ошол кездеги трагедиянын чет-жакасын билип калган кишинин кызы Бүбүйра Кыдыралиева кийин бийликке демократия желаргсы келгенде каргашалуу окуянын чоо-жайын билдирген.

Ал эми алардын ким экендигин иликтеген ишти ошол кездеги КГБнын кызматкери Болот Абдрахманов колуна алып, бир нече ай ичинде репрессиялангандарды чоо-жайын таап чыккан.

Ал жерде кыргыз элинин каймактары, Кыргызстандагы интеллигенция өкүлдөрү Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Иманаалы Айдарбеков баштаган адамдар жатат.

Тема боюнча

"Ата-Бейит": жарым кылым ың-жыңсыз жаткан кайрандар. Чүкөдөй кемпир ачкан чындык
Тоо түбүндөгү "Ата-Бейит". Трагедиялуу тагдырлар, ата-бала Айтматовдор жаткан жай
Белгилер:
репрессия, курмандык, Ата-Бейит мемориалдык комплекси, Иманаалы Айдарбеков, Эркинбек Эсенаманов, Баялы Исакеев, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Чыңгыз Айтматов

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ