01:02 23 Аяк оона 2017
Түз эфир
Сүрөт

Апта ирмеми: комдонгон ак илбирстен Макгрегор менен Мэйвезердин мушташына чейин

Кыскача шилтеме алуу
423 0 0
  • Кытайдагы Hato тайфуну жүрүп жаткан маалдагы кыздын сүрөтү
  • АКШнын президенти Дональд Трамп, жубайы Мелания жана уулу Баррон күндүн тутулуусуна көз салууда. Жаратылыштагы мындай кубулушту Америкада гана көрүүгө болот.
  • Лондон зоопаркында багылган горилла баласы менен
  • Индиядагы түшүм майрамынын катышуучулары
  • Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылына жакын жерде жайгашкан жаныбарларды реабилитациялоо борборундагы ак илбирс
  • Бразилиянын Амазонас штатындагы токойдо чыккан өрт. Жапайы жаныбар менен өсүмдүктөр коркунучка кабылып, бийлик тилсиз жоого каршы күрөшүүдө.
  • Алтай крайынын Михайлов районундагы Малиновое көлүнүн көрүнүшү
  • Америкадагы ак үйдүн залы оңдоп-түзөөдөн кийин
  • Ысык Көлдөгү жел кайыктар жарышынын катышуучулары көл үстүндө
  • Техас штатындагы Харви бороонунан кийин үй-жайсыз калган эне-бала
  • Армия-2017 аталышындагы эл аралык аскерий-техникалык форумундагы жоокерлер эл алдында даярдыгын көрсөттү
  • 23-августта Samsung компаниясы Galaxy Note 8 смартфонун коомчулуктун назарына сунуштады. Кореялык компания биринчи жолу эки камералуу смартфонун чыгарды.
  • Индиянын Бихар штатында аял суу каптаган көчөдө кетип бара жатат. Андагы жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун саны 253кө жетти.
  • Велосипед менен сууга секирүү боюнча Fun Jumping турниринин катышуучусу
  • Бангкок шаарында кайыр сураган кечил
  • Фудзи тоосунун жанында япониялык аскерлердин машыгуусу
  • Лас-Вегас шаарында болгон америкалык мушкер Флойд Мэйвезер менен ирландиялык спортчу Конор Макгрегордун 10 раундга созулган беттеши
  • Испаниядагы Барриос-де-Луна суу сактагычынын көрүнүшү. Дуэро дарыясында суунун аздыгынан болгону 9,1 пайызга гана толгон.
  • Дельфиндер менен беттешүү алдындагы америкалык Иглз футбол командасынын коштоочу тобу
© AFP / ANTHONY WALLACE
Кытайдагы "Hato" тайфуну жүрүп жаткан маалдагы кыздын сүрөтү

Sputnik Кыргызстан өткөн жума ичинде дүйнөдө жана Кыргызстанда болгон кызыктуу окуялардын көз ирмемдерин сунуштайт

Кытайда "Hato" тайфуну жүрүп, жаратылыш кырсыгынан кеминде 16 адам көз жумду.

Американын 14 штатынын тургундары күндүн тутулуусуна күбө боло алышты. Жаратылыштын өзгөчө кубулушун өлкө президенти Дональд Трамп жубайы Мелания жана уулу Баррон менен чогуу көрдү. Күндүн мындай узак убакыт тутулуусу АКШда 1918-жылдан бери болгон эмес.

Индияда Онам түшүм жыйноо майрам өттү.

Бразилиянын Амазонас штатындагы токойдо өрт чыкты. Жаратылыш, мындан сырткары, бак-дарактардын мыйзамсыз кыйылуусунан жапа чегип келет. Учурда жергиликтүү бийлик тилсиз жоого каршы аракеттерди көрүүдө.

Ысык Көлдө Кыргызстандагы парус спортунун негиздөөчүсү Александр Сахарцевдин элесине арналган жел кайыктар жарышы өттү.

Тема боюнча

Көрбөгөн адам арманда! Кыргыз тоолорундагы ак илбирс, сүлөсүн жана сейрек куштар
Белгилер:
апта ирмеми, дүйнө, Сүрөт, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ