09:49 07 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Сүрөт

Балет жана сүйүү. Бүбүсара Бейшеналиеванын белгисиз сүрөттөрү

Кыскача шилтеме алуу
592470
  • СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева
  • Бийлөөчү залда
  • Чолпон — таңкы жылдыз тасмасынан алынган кадр, 1959-жыл. Режиссеру Юз Герштейн
  • Балерина жаш бийчилерге сабак өтүп жатат
  • Айдайдын ролунда. Чолпон балети. Композитору Михаил Раухвергер
  • Малдыбаев атындагы опера жана балет театрындагы даярдык учуру
  • Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылдын 17-майында Воронцовка айылында төрөлгөн
  • Балерина тууралуу тасмадан алынган кадр
  • Бейшеналиева тууралуу тартылып жаткан тасма учурунда
  • Опера жана балет театрынын сахнасында
  • Сахнага чыгуу алдындагы даярдык
  • Балерина менен жазуучу Чыңгыз Айтматов Балтика флотунун аскерлери менен
  • Коомчулукка чыга элек сүрөт. Жазуучу менен балерина
  • Бүбүсара Бейшеналиева 1973-жылдын 10-майында узакка созулган оорудан каза тапкан
© Фото / Александр Федоров
СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева

Кыргыздын белгилүү балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева 17-майда 90 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги СССРдин эл артисти жана Кыргызстандын эң алгачкы балет бийчиси болгон Бейшаналиеванын чыга элек сүрөттөрүн тартуулайт.

Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы Фрунзе шаарынан алыс эмес жерде жайгашкан Воронцовка айылында төрөлгөн. Ал Ленинград хореографиялык училищесине (Анна Ваганова атындагы орус балет академиясы) 10 жашында окууга жөнөтүлгөн. 

Балерина сахнага алгач ирет 13 жашында чыккан. Ал "Кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасында" чоң театрда өнөрүн көрсөткөн. 

Училищени 1941-жылы аяктаган Бейшеналиева Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын биринчи солисти болгон. Ал "Селкинчек", "Чолпон", "Раймонда", "Бахчисарайский фонтан", "Лебединое озеро", "Куйручук" сыяктуу бир канча чыгармаларда образ жараткан. Ал эми Кыргыз ССРнин эл артисти Уран Сарбагишев 18 жыл бою белгилүү балеринанын сахнадагы шериги болгон. 

Балерина 1973-жылдын 10-майында узак мөөнөткө созулган оорудан каза тапкан.

Тема боюнча

Мариинск театрынын бийчиси Латыпов: балет эркектин иши эмес деп ким айтты?
Бишкектиктер дүйнөлүк хореографтар аткарган балет спектаклине күбө болушат
Белгилер:
балерина, театр, Сүрөт, Бүбүсара Бейшеналиева

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ