19:18 19 Баш оона 2017
Түз эфир
Школьники

Кыргызстандын балдары тырышчаактык менен билимге умтулуп келет

© Sputnik / Александр Гращенков
Ой-пикир
Кыскача шилтеме алуу
12801

РФтин илимпозунун айтымында, КРде билим берүүнүн калыптаныш тарыхын изилдөө XIX кылымдын акырындагы мектеп окуучулары билимге умтулуусу эң жогору балдардан болгондугун көрсөттү. Орус-кыргыз мектептери жергиликтүү акча топтоолордун эсебинен каржыланган, жана ал каражаттардын көлөмү да кыргыздардын билим алууга болгон кызыгуусун күбөлөйт.

БИШКЕК, 10-мар — Sputnik. Тарых илимдеринин кандидаты, Россиянын Кемерово шаарындагы азык-түлүк өнөр жай технологиялык институтунун тарых кафедрасынын жетекчиси Алексей Палин Sputnik кабарчысына Бишкекте КРдын мектеп жана жогорку окуу жайланрынын мугалимдери үчүн өткөн семинарда жасаган өзүнүн "Кыргызстандын Россия падышачылыгынын курамына кирген мезгилде мектеп жана кесиптик билим берүү системасынын калыптанышы" деген доклады тууралуу айтып берди. 

Кандидат исторических наук, заведующий кафедрой истории России Кемеровского технологического института пищевой промышленности Алексей Палин
© Sputnik / Михаил Рогожин.
Кандидат исторических наук Алексей Палин

Семинар февралдын аягында "XVIII-XX кылымдардагы кыргыз-россиялык мамилелери" деп аталган эл аралык тегерек столдун алкагында өтүп, ага Кыргызстан менен Россиянын окумуштуулары, эксперттери, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. 

— Эки өлкөнүн тең тарыхы үчүн маанилүү болгон, билим берүүнүн тарыхый катмарларын козгоочу мындай тема боюнча доклад даярдоого канча убакыт кетти?

— Үч айча убакытты алды. Ишти биринчи Кыргызстандын тарыхын иликтөөдөн баштадым. Теманын ийне-жибине чейин билип, өзгөчөлүктөрүн түшүнүү үчүн, докладдын каарманы боло турган элдин баскан жолун иликтеп, терең билүү керек.

Андан соң Кыргызстанда революцияга чейинки мезгилде билим берүүнүн калыптануу жана өнүгүү тарыхы боюнча илимий, окуу адабияттарын изилдөөгө өттүм. Бул шарттуу түрдө Россия падышачылыгынын доору деп аталат. 

Үчүнчү баскычта маалымат булактарын иликтөө турду жана мен дал ошолорго басым жасоого аракет кылдым. Жети-Суу областындагы (Семиречье) расмий баяндамаларга, Түркүстандын генерал-губернаторунун отчётторуна, Россия падышачылыгынын мыйзамдарынын толук жыйнагы боюнча материалдарга талдоо жүргүздүм. 

1870-жылы Токмокто биринчи орус мектеби ачылган. 1907-жылдын башында Жети-Суу областындагы (Семиречье) Россиянын билим берүү мекемелеринде 8 миң 770 адам окуган. Пишпек жана Пржевальск уездеринде — 2 миң 780, алардын ичинен 2 миң 30 бала жана 750 кыз мектептерге барган.

— Сиз ачык маалымат булактарынан пайдаландыңызбы же РФтин, өз университеттериңиздин архивдерине да кайрылдыңызбы? Жана биздин өлкөнүн тарыхы менен кантип тааныштыңыз?

— Архивдик документтерди пайдалануу жагынан, албетте, кыйынчылыктар болду. Себеби Россия менен Кыргызстандын революцияга чейинки өз ара мамилелер тарыхы боюнча негизги материалдар Москва менен Санкт-Петербургдагы Россиянын мамлекеттик тарыхый архивдеринде, РФтин борбордук архивдеринде сакталган. Ошондуктан докладдагы Россия падышачылыгы мезгилине, совет жылдарына жана Россиянын азыркы учуруна тиешелүү маалыматтар өз убагында басылып чыккан жана кенен колдонуудагы булактардан алынды.

Мен басылма жана электрондук жакшы материалдарды пайдаланууга мүмкүнчүлүгүм болду. Иште, мисалы, Жети-Суу областындагы (Семиречье) боюнча 1902-1907-жылдардагы жалпы баяндамалардын, Түркүстандын генерал-губернатору фон Кауфмандын отчётторунун, Россия падышачылыгынын мыйзамдарынын толук жыйнагы боюнча материалдардын ж.б. түп нускаларынын электрондук варианттары колдонулду.

— Сиз өз докладыңызда Түркүстанда, атап айтканда, азыркы КРдин аймагында, билим деңгээлин көтөрүү үчүн абдан көп акча сарпталган деп жазгансыз. Ал каражатты Россия падышалыгы бөлүп бергенби же кандайдыр бир жергиликтүү да кошумдар болгонбу?

— Бул кызыктуу суроо. Орус-кыргыз мектептери жөнүндө айтсак, негизинен акча жергиликтүү коомчулуктан келип түшкөн жана алардын көп санда болушу билим алууга кызыккан кыргыздардын арбын болгондугун көрсөтөт. Элдер мектептерге акча короткону өз балдарына билим берүүгө умтулгандыктарын күбөлөйт. Билим алардын кесиптик жактан өрчүүсүнө кенен мүмкүнчүлүктөрдү берген.

Бардыгы болуп 1906-жылы Жети-Суу аймагында окуу мекемелерин каржылоого 150 миңге жакын акча жумшалса, 1907-жылы эле бул 240 миңге жеткен. Салыштырып карасак, Пишпек шаарынын жылдык кирешеси 1906-жылы 45 миң 835 рубль болсо, чыгымы 42 миң 985 рубльду түзгөн.

Чиркөө алдындагы мектептер же жөн эле "орус мектептери", шаардык кесиптик окуу жайлары, гимназиялар үчүн болсо каражат Россия падышачылыгынын же генерал-губернаторлуктун эсебинен алынган.

Бир маанилүү нергсеге көңүл бургум келет. Чиркөө алдындагы мектептерде жана башкаларда да Россиядан көчүп келген орустардан тышкары, кыргыз балдар да билим алышына көп көңүл бурулган.

Түркүстандык генерал-губернатор К.П. фон Кауфмандын жеке жетекчилиги менен аймакта башкалар менен катар жергиликтүү калк үчүн билим берүү мекемелерин түзүү боюнча күчөтүлгөн иш-аракеттер жүргөн. Ал орус жана жергиликтүү калк чогуу окуй турган билим берүү мекемелерин түзүүнү жактаган.

Билим берүү системасы башынан эле улуту боюнча чек коюуларсыз жүрүп, дал ошол мезгилде эле бирдиктүү билим берүү стандартын калыптандырууга багытталган.

— Билим берүүгө жумшалган падышалыктын жана жериликтүү коомдун акчаларынын сандык катнаштыгы боюнча маалымат барбы?

— Тилекке каршы, докладды даярдоодо пайдаланылган статистикада мындай ажыратып берилген маалымат жок. 

Бирок кызыктуусу, жергиликтүү калктан билим алууга аз гана сандагы, баары төлөй алгыдай акча алынгандыгы отчёттордо көрсөтүлгөн. Ал эми пайыздык жактан алганда, кантсе да чыгымдын 80 пайызга жакынын Россия падышалыгы төлөгөн.

— Дагы кандай кызыктуу нерселерди белгилейт элеңиз?

— Докладды даярдап жатып, XIX — XX кылымдын башындагы кыргызстандык мектеп окуучуларынын кызыктуу сүрөттөрүнө туш болдум. Аларда көп тааныш нерселерди табасың. Биринчиден, балдардын сырткы келбетию Аладын жүздөрүнөн чын эле окугусу келгендиги, билимге болгон умтулуусу байкалып турат. Кыргызстанда ошол кездеги балдар жакынкы келечекте эмне менен жана книтип алектене тургандыктарына өзгөчө маани беришкен. Мен мугалим болгондуктан балдардын кимиси чын дили менен билим алганы, кимиси жөн эле убакты өткөргөнү келгенин даана айырмалай алам.

Ошол эле убакта кыргыздар орус тилинде диний эмес илимий билим алууга да абдан кызыгышкан. Ол кездеги чиновниктерлин бири Орто Азиядагы бардык элдердин ичинен кыргыздарга гана "европалык билимге кызыккандык" мүнөздүү деп жазган. 

  • Ученики 2-го класса школы-интерната
    2-класстын окуучулары.
    © Sputnik / Э. Вильчинский
  • Праздник в сельской школе
    Айыл жергесиндеги мектепттеги майрам.
    © Sputnik / Семеляк
  • Урок английского языка в школе колхоза имени Э. Тельмана
    Чет тил сабагы.
    © Sputnik / Сергей Субботин
  • По дороге в школу
    Мектепке жол.
    © Sputnik / Александр Гращенков
  • Школа-интернат
    Эне тил сабагы.
    © Sputnik / Дронов
  • Выступление детского хора
    Балдар хору.
    © Sputnik / Мамадалиев
1 / 6
© Sputnik / Э. Вильчинский
2-класстын окуучулары.

Мындай касиет бүгүн да сакталып калгандыгы абдан кубантат, жана Кыргызстандын азыркы муундагы окуучуларынан муну байкоого болот. Кыргыз балдары — чыныгы билим алууга умтулган эң эмгекчсил жана тырышчаак балдардан. Буга мен жеке ынандым. Муну семинардык сабактарга даярданууларынан, лекцияга катышууларынан дайыма байкоого болот. Жана, албетте, мен бардык кыйынчылыктарга карабай, билимдин баалуулугун сактап калган, аны баарыбыз үчүн татаал болгон 90-жылдары да жоготпогон кыргызстандыктарга ыраазылык билдиргим келет. 

Биз КМШнын ар түрдүү өлкөлөрүнөн келген студкенттер менен иштейбиз. Алардын ичиинде силердин респубилкадан да бар. Башкаларга салыштарганда Кыргызстан менен Казакстандан келген студенттердин билим деңгээли жогору деп мен ишеничтүү айта алам. Бирок кыргыз студенттеринин мага жаккан алар аябай тырышчаак келишет, алардын чын эле билимге болгон умтулуусу абдан чоң. Бизде Анастасия Ахметова деген студент бар эле. Россиянын тарыхы боюнча билими ушунча мыкты болгондуктан, жыйынтыктоочу "мыкты" деген бааны сынаксыз эле коюп бергем. Менимче силердин мамлекет тууралуу айткандарыма мындан башка далилдин кереги жок.

Билим берүү боюнча революцияга чейин болгон өзгөрүүлөрсүз 1930-жылдардын аягында сабатсыздыкты жоюу мүмкүн болмок эмес деп ойлойм. 1939-жылы Кыргызстандын тогуз жаштан 49 жашка чейинки тургундарынын 80 пайызы сабаттуу болчу.

Ар бир мамлекеттин келечеги билимде экендигин баарыбыз жакшы түшүнөбүз. Бул ар бир өлкөнүн болочок интеллигенциясы, болочок мамлекеттик кызматкерлери, техникалык кадрлары. Билимге ала канчалык тырышчаактык менен мамиле кылса, өз мамлекетинин өнүгүүсүнө ошончолук салым кошо алышат.

— Кыргызстанда билим берүү формат Россияныкынан бир аз айырмаланат. Респубилканын ЕАЭБга кошулушуна байланыштуу аларды жалпылаштыруу боюнча кандайдыр бир иш-аракеттер көрүлөбү?

— Бул канчалык натыйжалуу болорун мен үчүн айтуу кыйын. Кантсе да бул азыркы саясатчылар чече турган суроо. Албетте билим берүү тармагында да кандайдыр бир интеграцияны көргүм келет. Бизди баш коштуруп турган нерселер көп. Жана Россия падышачылыгынын тушунда жана совет доорунда калыптанган билим баалуулуктары Россия үчүн да, Кыргызстан үчүн да маанилүү экендиги шексиз. 

— Сиздин докладда Манастын жети осуятынын бири келтирилген. Аны жөн гана сый-урматыңызды көрсөтүү үчүн келтиргенсизби же чын эле кызыктуу болдубу?

— "Манастын" каарманы чынында эле дем берет, ал эми анын жети осуяты албетте көңүлдө калат. Бирок докладды даярдоодо мага Аалы Токомбаев өзгөчө таасир берди. Анын окууга болгон дилгирлиги таң калтырды. Алгач молдододон билим алып, анан мектептерде окуган экен. 1924-жылы кыргыздын биринчи гезитинде жарык чыккан алгачкы чыгармасын окугандан кийин, башка чыгармалары менен да таанышпай коё алган жокмун. 

Мен силердин жерге келип, эң башкысы, жылуулукту жана достук мамилесин сездим. Кыргызстанга бардык жакшылыктарды каалайм. Силердин өлкөнүн жана мында жашоочулардын келечеги кең!

Тема боюнча

Мектептерде Билим берүү министрлиги жактырбаган китептер колдонулуп жатат
"Мектепте билим берүү үлгүсү" кошумча билимди талап кылат
Сабактардын саатынын азайышы билим деңгээлин төмөндөтөт деп эсептейт эксперт
Россия окуу жайларында билим алууга Кыргызстанга 445 орун бөлдү
Азиз балдар үчүн Кыргызстандын тарыхы боюнча окуу китеби чыкты
Троллейбус "китепкана" Бишкектин көчөсүн аралап жүрөт
Белгилер:
доклад, билим, Тарых, Алексей Палин, Россия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ