Сабактардын саатынын азайышы билим деңгээлин төмөндөтөт деп эсептейт эксперт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүОкуу жылынын башталышы. Архив
Окуу жылынын башталышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баштапкы жана орто билим берүү борборунун жетекчиси Исак Бекбоев сабактардын саатын кыскартуу каралган жаңы окуу планынын долбоорун мектептерге массалык түрдө киргизүүгө болбойт деп эсептейт.

БИШКЕК, 19 фев — Sputnik. Кыргыз билим берүү академиясынын Баштапкы жана орто билим берүү борборунун жетекчиси Исак Бекбоев Sputnik кабарчысына көпчүлүк мектеп сабактарынын жумалык саатын кыскартуу боюнча долбоор тууралуу айтып берди.

Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун 2011-жылдын аягындагы буйругу менен биз бул программаны 2012-жылга чейин иштеп чыкканбыз. Негиз болуучу окуу планы 2012-2013-окуу жылында өкмөттүн 2012-жылдын 23-мартындагы токтомуна ылайык иштелип чыккан. Билишимче, токтом "КРдин жалпы билим берүүчү уюмдарында мектептерде окуу сааттарын баскычтуу түрдө кыскартуу жөнүндө" деп аталган. Анын максаты сабактардын саатын кыскартып мектеп окуучуларынын ден соолугун сактоо болчу. 

Ушундай негиз менен бизге сааттарды кыскартуу буйрулду. Аталган токтомго ылайык, Билим берүү министрлиги Кыргыз билим берү академиясына окуу планынын кыскартылган жаңы вариантын иштеп чыгууну тапшырды. 

Натыйжада математика кыргыз жана орус мектептеринде бешинчи, алтынчы жана он биринчи класстарда жумасына бир сааттан, ал эми жетинчи, сегизинчи жана тогузунчу класстардан жумасына эки сааттан кыскартылган. Табигый илим сабактары боюнча жетинчи класста биология, сегизинчи класста химия, онунчу класста физика, география ж.б. бир сааттан кыскарган. Салыштырып көрсөк, советтик 10 жылдык мектепте математика жумасына алты саат болсо, азыр төрт саат берилет. Албетте совет окуучулары менен илим деңгээлин салыштырып болбойт, зыркылардын билими бир топ төмөн. 

Натыйжада математика боюнча биринчи класстан он биринчиге чейинки бир жумалык көлөмү 57 сааттан 52 саатка чейин кыскарды. Табигый илим сабактары боюнча 51ден 46га чейин азайды. 

Бирок мынча көп кыскарганына карабастан, бул биринчи гана баскычы болчу. 2014-жылдын 21-июлунда мамлекеттик билим берүү стандартынын акыркы жаңы варианты жарыяланды. Билим министрлиги биринчи класстан тартып бардык сабактар боюнча тийиштүү стандарттарды иштеп чыгууну буюрду. Ага ылайык биз окуу план долбоорунун ушул вариантын иштеп чыктык. Мында да кайра эле кыскартуу каралган.

Эсиңерде болсо, табигый-математика сабактары боюнча сааттар кимдин демилгеси менен кыскартылып жатат деген депутаттардын суроосуна мурдагы билим берүү министри билим академиясынын зыянкечтик мамилесинен деп жооп берген. Менин билишимче, долбоорго Дүйнөлүк банктын аркасы менен кол коюлуп ошонун талабы менен аткарылып жатат. Бул жерде айрым өлкөлөрдүн саясаты зыян келтирип жатат деп ойлойм, алар ушинтип бизди билимсиз, тил алчаак элге айланткылары келип жатат.

Албетте мындай кадамга каражаттын жетиштиги негизги себеп. Биринчи баскычта жарым жыл ичинде республикада 1 миллион 700 миң сом үнөмдөлгөн. Бирок биз бүгүн бир нече миллион сом үнөмдөп алып, 10-15 жылдан кийин миллиарддаган акчаларды жоготушубуз мүмкүн.

Сариева: окуу китептеринин жетишсиздиги толук каржыланбагандык менен шартталган
Буза карабай, биз билим берүү процессинде саататрды кыскартуу жолу менен баратабыз. Менин жеке пикирим боюнча, биз муну менен мектеп окуучуларын "манкурттарга" айлантып жатабыз. Бир гана көңүл жубатканы – бул азырынча долбоор гана. Жана аны жакынкы жылдарда мектептерге массалык түрдө эч киргизбеш керек. Алдын ала бир нече, мисалы, 30-40 мектепте жок деген де эки-үч жыл сынап көрүү зарыл. Ошонун жыйынтыгына жараша аны колдонууга болорун же болбосун, кандай шартта бул жасалышы керектигин чечүү талап кылынат.

Мен 63 жылдык үзгүлтүксүз эмгегиме таянып, көп жылдан бери топтолуп, сыноодон өткөндү сактап калышыбыз керек болчу деп айта алам. Башка өлкөлөрдүн окуу шарттары такыр башка экенин эске алуу менен, алардын кыскартуу ыкмаларын үйрөнүшүбүз керек болчу. 

Дагы белгилей турган нерсе, дал ушул кыскартуунун айынан көп сандагы иш билги, кесипкөй мугалимдер билим берүү тармагынан кетип калышты. Айыл мектептеринде математиканы да, башка сабактарды да колунан келгени деле, келбегени деле окутуп жатканы жашыруун эмес. Анын ичинде бухгалтери да, бригадири да бар. Башкача айтканда, окуучулар менен иштөө, окутуу усулдары жана педагогика тууралуу эч түшүнүгү жок, бул маселени терең иликтеп, билүүгө ниети жок адамдар.

Архив: Эльвира Сариева - Sputnik Кыргызстан
Сариева: 2015-жылы мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу пландалууда
Билим берүү сапатына келгенде, өкмөт да, министрлик да шаар мектептеринин абалын кароо менен чектелет. Алар болсо республика боюнча иштин абалына көрсөткүч боло албайт да. Айыл жериндеги билим деңгээли тууралуу айткым да келбейт, бирок Бишкекте эле баары жакшы болгон жери жок.

Биздин өлкө азыр чоң интеграциялык процесске кошулууда. Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү менен артыкчылык көз караштар кескин өзгөрөт.

Ошону менен бирге өлкөнүн иш-аракеттеринин кенен тармактары талкууланып жатканы менен, билим берүү боюнча бир да маселе каралбай эле турганын белгилегим келет. ЕАЭБ мамлекеттеринде азырынча билим деңгээли тең эмес деп ойлойм, жана бул багытта зор иштерди жасаш керек. Анын үстүнө Кыргызстан америкалык үлгүдөн айырмалануучу такыр башка багытты алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0