Өмүрбек Текебаев: Салянованын отставкага кетишинин себеби биз үчүн да табышмак

© Фото / пресс-служба ЖК КРАрхив: Өмүрбек Текебаев
Архив: Өмүрбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев башкы прокурор Аида Салянованын отставкасы, күзүндө боло турчу парламенттик шайлоо боюнча Sputnik сайтынын суроолоруна жооп берди.

БИШКЕК, 26-янв —Sputnik. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев коомдун бүйүрүн кызытып жаткан окуялардын айланасында биздин суроолорго жооп берди. 

— Башкы прокурор Аида Салянованын отставкага кетиши көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду. Ал кызматта турган учурда резонанс туудурган кылмыш иштери ачылды эле. Өзгөчө бийликте отурган кызматкерлерге, депутаттарга карата кылмыш иштери козголду. Салянованын кызматтан кетишине саясый басым болдубу?

Жогорку Кенеш ознакомился с итогами работы временной депутатской комиссии по расследованию факта задержания Н.Тюлеева - Sputnik Кыргызстан
Салянова Башкы прокурорлук кызматтан кетти
— Аида Салянованын башкы прокурлорлук кызматтан кетиши баарыбыз үчүн, анын ичинен биз үчүн да күтүүсүз болду. Анын себептери биз үчүн да табышмак боюнча калып отурат. Бирок кандай гана болбосун, жумуштан бошонуу Конституцияга ылайык өз ыктыяры менен болду. Президент анын ордуна жаңы талапкерди сунуштады.

— Башкы прокурорлукка көргөзүлүп жаткан Индира Жолдубаеванын талапкерлигине кандай баа бересиз? Ал Салянова козгогон кылмыш иштерин аягына чейин чыгара алабы?

— Биринчиден, башкы прокурорлукка көргөзүлүп жаткан талапкерди президент аныктайт. Ал жөн гана аныктабастан, алдыга койгон маселелерди түшүнгөн, ошону аткарып кете ала турган потенциалы бар талапкерди тандаганга аракет кылат. Албетте президенттин тандоосун биз сыйлайбыз жана Жогорку Кеңеште колдоп беребиз деген оюбуз бар.

— Быйыл күзүндө парламенттик шайлоо болот. 2010-жылкы шайлоодо "Ата Мекен" партиясы Жогорку Кеңешке бир аз кыйынчылык менен өткөн эле. Быйылкы шайлоого болгон даярдык кандай? Партиянын катарынан бир топ саясатчылар да чыгып кетти. Алар партиянын аброюна кандайдыр бир таасир бербейби?

Заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Жолдубаева Кыргызстандын тарыхындагы эң жаш Баш прокурор болушу мүмкүн
— Жогорку Кеңешке бир аз кыйынчылык менен эмес, күтүлбөгөн жыйынтыктар менен келди деп айтсак болот. Негизинен партия шайлоого даяр. Биз эл менен, коомдук пикир менен тынымсыз иштейбиз. Шайлоочуларга берген убадаларыбыздан кайтпай, ошол багытта тынымсыз иштегенге аракет кылабыз. Эл аракетти, мээнетти байкайт экен.

Шайлоодо тизмедегилер толугу менен жаңыланат. Бүгүнкү күнү биздин партиядан депутат болуп жүргөндөрдүн бир катары тизмеге кирбей турганы шексиз. Ошондуктан кээбирлери алдын ала эле башка партияга киргенге аракет кылууда. Бул жерде бир эки депутат тууралуу сөз болуп жатат.

— Кумтөр кенин улутташтыруу, биргелешкен ишкана түзүү маселелери көтөрүлүп, бирок, бүгүнкү күнгө чейин бир жыйынтык чыкпай келет?

Золотоносный рудник Кумтор в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: "Кумтөр" боюнча азырынча көп нерсени айта албайм
— Эгер Кумтөр чаканыраак уюм болгондо аны улутташтырып алып койсо жеңил эле болмок. Кыргызстан үчүн бул чоң обьект, аны улутташтырыш үчүн бизде улуттук биримдик болуш керек. Кумтөр маселесинде биз бирдиктүү боло албай жатабыз. Президент бирди айтат, өкмөт башчысы экини айтат, фракция үчтү айтат, парламент төрттү айтат. Андыктан бир пикирге келе албай жатабыз. Кыргызстандагы ЖМКлардын дээрлик бардыгын Кумтөр каржылагандыктан алар таптакыр Кумтөрдүн чындыгын айтат. Ошондуктан Кумтөргө карата чечкиндүү аракет жасалбай турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0