https://sputnik.kg/20201010/kandaj-dukondordo-covid-bat-zhugat-1049988429.html
Дарыгер кандай дүкөндөрдө COVID бат жугарын айтты
Дарыгер кандай дүкөндөрдө COVID бат жугарын айтты
Sputnik Кыргызстан
Адистин айтымында, илдетти илештирип алуу үчүн дем алуу аркылуу организмге миңдеген вирустук бөлүкчөлөр "кириши" керек. Бирок бул ченем ар кишиде ар башка... 10.10.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-10-10T08:33+0600
2020-10-10T08:33+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/07/1c/1049153716_0:62:3074:1800_1920x0_80_0_0_c691b3d41a2025ec5dbd16bb13e978e0.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/07/1c/1049153716_0:0:3074:1933_1920x0_80_0_0_d433f997c797841a5ca089244af33f7a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, дүйнөгө жайылган коронавирус
жаңылыктар, дүйнөгө жайылган коронавирус
Дарыгер кандай дүкөндөрдө COVID бат жугарын айтты
08:33 10.10.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Адистин айтымында, илдетти илештирип алуу үчүн дем алуу аркылуу организмге миңдеген вирустук бөлүкчөлөр "кириши" керек. Бирок бул ченем ар кишиде ар башка болот.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Желдетүү системасы жакшы дүкөндөрдөн коронавирус жуктуруп алуу ыктымалдыгы аз. Бул тууралуу кооптуу инфекциялар боюнча адис Владислав Жемчуговдун айтканына таянуу менен РИА Ноовости жазды.
Анын айтымында, бул жерде жугуза турган доза чоң мааниге ээ.
Дарыгер пандемия маалында баш тарта турчу азыктарды санап берди
"Ооруп калыш үчүн дем алуу аркылуу организмге миңдеген вирустук бөлүкчөлөр "кириши" керек. Бирок ар кимдин өзүнүн ченеми бар, иммунитеттен да көз каранды. Эгер дүкөндүн желдетүү системасы жакшы болсо, вирустун баары тарап кетет. Мындай учурда оору жугузуп алуу ыктымалдуулугу төмөн. Демек, вентиляциясы жакшы жана адам көп чогулбаган жайлар коопсуз болуп саналат", — деди Жемчугов.
Дарыгер чакан дүкөндөр, жер төлөдө жайгашкан жайлар супермаркеттерге караганда кооптуу болорун кошумчалады.