https://sputnik.kg/20200403/koronavirus-kaza-bolgon-kajdan-kelgen-1047693397.html
Министр: Ноокатта көз жумган бейтап кичи ажылыктан келген
Министр: Ноокатта көз жумган бейтап кичи ажылыктан келген
Sputnik Кыргызстан
61 жаштагы бейтап 2-апрель күнү Ош облусунун Ноокат райондук аймактык ооруканасында көз жумган. Ал кант диабетинен да жабыркап келген. 03.04.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-04-03T13:27+0600
2020-04-03T13:27+0600
2021-12-15T22:35+0600
https://sputnik.kg/img/104767/09/1047670913_0:201:2926:1855_1920x0_80_0_0_f37342425b61a483689c17d6f03c511b.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104767/09/1047670913_0:108:2926:1948_1920x0_80_0_0_ac6242454b100183f9abebf1c0788483.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, жаңылыктар, кыргызстан, ажылык, кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
коом, жаңылыктар, кыргызстан, ажылык, кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
Министр: Ноокатта көз жумган бейтап кичи ажылыктан келген
13:27 03.04.2020 (Жаңыртылды: 22:35 15.12.2021) 61 жаштагы бейтап 2-апрель күнү Ош облусунун Ноокат райондук аймактык ооруканасында көз жумган. Ал кант диабетинен да жабыркап келген.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Ноокатта каза болгон адам кичи ажылыктан келген. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.
61 жаштагы бейтап 2-апрель күнү Ош облусунун Ноокат райондук аймактык ооруканасында көз жумган. Аны кант диабетинен да жабыркап келгени айтылды.
"Ноокатта коронавирус жуктуруп каза болгон адам кичи ажылыктан келген. Анын кант диабети, башка дагы өнөкөт оорулары бар экен. Эми анын кайсы оорудан көз жумганын текшерүүнүн жыйынтыгынан кийин так айтабыз", — деди министр.
Коронавирустун кесепети
Кыргызстанда 130 адам коронавирус жуктурганы аныкталган. Анын ичинен бешөө айыгып чыккан. Каза болгон бейтаптан тышкары төрт адам оор абалда жатат, бирөө жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган.
Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.