04:47 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Швециядан келген Мелиса Фейген

ДКОго Швециядан келген коноктор табият менен каада-салтка суктанышууда

© Sputnik / Исмаил Мамытов
Жаңылыктар
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)
212 0 0

Мейман II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып жатканына бактылуу экендигин билдирди.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Швециядан келген Мелиса Фейген ушул күндөрү өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКО) тууралуу кеп кылды.

Белгилей кетсек, учурда Кырчын жайлоосунда Көчмөндөр оюндарынын конкурстары жана улуттук спорт боюнча жарыштар өтүүдө.

"Кыргызстанга алгачкы ирет келип жатам. Чындыгында табияты абдан кооз экен. Мен көчмөндөрдүн маданиятына мурунтан кызыгып келем. Андыктан бул иш-чара мен үчүн жакшы шарт түзүүдө. Күтүлбөгөн жерден эле сюрприздер болуп, концерт, конкурстар башталып кеткени өзгөчө жакты. Концерттик программалардын арты менен кыргыздардын каада-салтын, маданиятын билип алууга болот", — деди Фейген.

Ал жергиликтүү тамак-аштардан ашлям-фуну абдан жактырганын айтып, ушундай масштабтуу иш-чарага катышып жатканына бактылуу экенин кошумчалады.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Тема:
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)

Тема боюнча

Ат чабышта биринчи орунду алган чабандес: буга чейин 94 унаа уткам
Көк бөрүнүн баш байгеси үчүн кыргыз жана казак улакчылары ат салышат
Венгриялык балбан: мектепте кыргыздар менен тууган экендигибиз айтылчу
Белгилер:
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Швеция, Кырчын
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ