19:12 19 Баш оона 2017
Түз эфир
Күндүн тутулушу

Күн 20-мартта тутулат

© Sputnik / Валерий Титиевский
Жаңылыктар
Кыскача шилтеме алуу
15 0 0

Бул жолу Күндүн тутулушу адаттагыдан башкача болот, себеби ал Түндүк уюлдан да көрүнөт. Европа менен Россиянын айрым бөлүгүндө анын жарым-жартылай фазасын байкоого болот. Ал эми чыгыш Сибирь жана Ыраакы Чыгыш аймактарына Күндүн тутулушу көрүнбөйт.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Күндүн кезектеги толук тутулушун Жерден 2015-жылдын 20-мартында байкоого болот, ал эми Европа менен Россиянын айрым бөлүгүндө анын жарым-жартылай тутулуш фазасы көрүнөт.

Бул жолу күндүн тутулушу адаттагыдан башкача болот, себеби ал Түндүк уюлдан да көрүнөт. Ошол эле учурда Фарер аралдары менен Шпицберген архипелагынын гана жашоочулары Күндүн толук тутулушун көрө алышат. Ал эми чыгыш Сибирь жана Ыраакы Чыгыш аймактарына бул көрүнүштү байкоого болбойт.

Падышалык астрономиялык коом (Улуу Британия) билдиргендей, Күндүн тутулушун Улуу Британия менен Ирландиянын тургундары жарым-жартылай гана көрө алышат. Бирок баары бир ал британиялыктар үчүн 1999-жылдан 2026-жылга чейинки эң күчтүү Күн тутулуу болот.

Белгилер:
күндүн тутулушу, Падышалык астрономиялык коом, Европа, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ