Маянасы 2000-3500 доллар. КР жарандарын Японияга ишке орноштуруу макулдашылды

© Фото / Миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборуПодписание соглашения о трудоустройстве граждан КР в Японии с компанией Relationship CO., Ltd
Подписание соглашения о трудоустройстве граждан КР в Японии с компанией Relationship CO., Ltd - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япония сырттан келген 300 миң жумушчу күчкө муктаж экенин билдирген. Миграция кызматы туристтик компания менен келишим түздү.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борбору Япониянын Relationship CO., Ltd компаниясы менен кыргызстандыктарга жумуш берүү боюнча келишим түздү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга аталган борбордун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев билдирди.

Алыбаев өткөн жумада Японияга барып компаниянын жетекчиси менен макулдашууга кол койгон. Жолугушууну КРдин Япониядагы элчилиги уюштурган.

"Япония сырттан келген 300 миң жумушчу күчкө муктаж экенин билдирди. Relationship CO., Ltd компаниясы менен кыргызстандыктарды Окинава аралындагы туристтик жайларда тейлөө тармагына жумушка орноштурууга макулдаштык. Мекендештер ал жакта иштеп калса 2000 доллардан 3500 долларга чейин маяна алат. Ошондой эле жогорку билими бар жарандар дагы кесиби боюнча жумушка алынат. Мисалы, IT тармагы жана кеңсе жумуштарында иштесе маянасы бир топ эле жогору болмокчу. Эң башкысы, япон тилин билүүсү шарт. Компаниянын өкүлдөрү келип аңгемелешүү өткөрүп, тандап алат", — деди Алыбаев.

Ошондой эле ал сынактан өткөн кыргызстандыктарга жумуш берүүчүлөр авиабилетин алып берип, жатакана жана башка керектүү шарттар менен камсыздай турганын кошумчалады.

Алыбаевдин айтымында, 1-март күнү япон компаниясынын өкүлдөрү Бишкекке келип, айрым маселелер талкууланат. Ошондон кийин канча жумушчу керектелери белгилүү болот. Мындан сырткары, виза берүү маселеси да каралмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0