18:42 02 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8988
  • EUR92.7010
  • RUB1.0895
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
548 0 0

Кайсы бир учурда кыргызстандыктар Россияда кара жумуш менен гана электенсе, азыр абал башкача. Өздөрү ишкерлик кылып, жумуш берүүчүлөрдүн катарына кошулгандар аз эмес. Атургай чоң-чоң ресторандарды таң аткыча ижарага алып, Кыргызстанда жүргөндөй дүңгүрөтө той беришет.

Миграция — эсебин так ала албаган, көзөмөлү андан бетер татаал процесс. Бирок, ошентсе да, белгилүү бир статистика бар, ал эми айрым сандар жана фактылар кызыгуу туудурат. Мисалы, Москвада үйлөнүү тою Кыргызстанда өткөрүүгө караганда кыйла арзан түшөт.

Расмий тарабы

Январдын аягында РФтин ИИМи 2019-жылдын январь-декабрь айларына карата Россиядагы миграциялык кырдаалдын айрым көрсөткүчтөрүн жарыялаган.

Анда 9 миң 371 кыргызстандык Россиянын жарандыгын алгандыгы айтылган. 1 055 458 кыргызстандык миграциялык каттоого алынып, 849 миң 411 киши чыгарылган.

Турган жери боюнча 1 039 374 киши, жашаган жери боюнча болгону 16 084 киши катталган. Ошону менен бирге эле баштапкы каттоого 583 миң 717 жаран турган.

453 миң 702 киши ишке орношуу максатын көздөп келишсе, 83 миң 716 жаран Россияга жеке маселелери менен кирген. Ал эми 21 миң 543 кыргызстандык билим алуу максатында бул өлкөгө аяк таштаган.

Россияга келгендердин арасындагы биздин 9 миң 243 мекендеш турист экенин айтышса, 15 513 киши башка себептерди көрсөтүшкөн.

Болгону 7 638 кыргызстандык убактылуу жашоого уруксат алган, 11 680 журтташ отчёттук маалдын аягына чейинки уруксатка ээ экени аныкталган. 5 миң 86 кыргызстандык РФте жашап туруу укугун биринчи жолу алышкан, ал эми бул укукка мурдатан ээ 12 миң 965 мекендеш эсептелген.

Асылзаадалардын арышы

Жалпы россиялык Кыргыз конгрессинин (ЖРКК) алдындагы "Табарман" ишкердикти өнүктүрүү жана Россиядагы кыргызстандыктардын жеке өнүгүшү борборунун түптөөчүсү Марсель Салахунов мигранттар ар кыл ыкмалар менен үй-бүлөсүн багуу жана ушундай жол менен өлкөнүн ИДПсын кармап турууга даяр экенин айтат.

Основатель Центра развития предпринимательства и личностного роста кыргызстанцев в России при Общероссийском кыргызском конгрессе (ОКК) Табарман Марсель Салахунов
© Фото / ЦРП "Табарман"
Жалпы россиялык Кыргыз конгрессинин (ЖРКК) алдындагы "Табарман" ишкердикти өнүктүрүү жана Россиядагы кыргызстандыктардын жеке өнүгүшү борборунун түптөөчүсү Марсель Салахунов
"Бирок ушул тапта кыргызстандыктардын арасында интеллектуалдык чөйрөдө ишке орноштуруу күч алганы байкалат. Маркетинг, веб-дизайн, дегеле IT тармагында жаш кыргызстандыктар ийгиликтүү иштеп жатышат. Мындан сырткары, расмий түрдө иш алып барууга ынтызар ишкерлердин саны да жогорулап барат. Кыргызстандыктар бүгүн өз алдынча иш алып барууну ылайык көрүшөт, жеке ишин ачкандар көбөйүүдө", — дейт Салахунов.

Ошондой эле ал мигранттардын арасында ушул тапта тамак жеткирүү боюнча интернет дүкөндөрүн иштетүү да кеңири жайылганын, ошону менен бирге өздөрү дагы коомдук тамактануу жайларын ачканын айтат. Мындан тышкары,  биздикилер кеңири пайдаланылчу товарларды – электроника жана тиричилик техникасын сатуу жагын дагы өздөштүрүп жатканын кошумчалады.

Салахунов жалпы статистикага таянып,  катталган кыргызстандык ишкерлер арасында эркектерге салыштырмалуу  аялдар басымдуулук кыларын айтып берди.

"Биздин эркектер туруктуу жашоону туура көрүшөт, ал эми аялдар тобокелдикке барууга даяр. Эгер эркектер мурда калыптанып калган тармактарда — соода, коомдук тамактануу жайлары, курулуш материалдарын сатуу, жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүү, авто ижаралоо жана башка чөйрөлөрдө иштешсе, айымдар көбүнесе атаандаштык күч, кирешеси да жогору сулуулук чөйрөсүндө бизнес ачышат", — дейт ал.

Тырмакка кам көрүү чөйрөсүндө мектеп ачкан Элнура Ахмедова да Салахуновдун сөзүн ырастайт. Ал кыргызстандык кыздар сулуулук салондорунда айына орточо 50-60 миң рубль табышат. Ал эми дасыккан мастер сезон убагында 100 миң рублге чейин алат.

Москвадагы түнкү үлпөт той

Салахуновдун пикирин коомдук ишмер, Москвадагы кыргыз диаспорасынын активисти Жамиляхан Бегиева да тастыктайт.

"2013-жылы эле сурамжылоо жана мониторинг борборлору тарабынан Кыргызстандан келген мигранттардын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөрү аныкталган. Бул көп дагы эмес, аз да эмес – Кыргызстандан келген мигранттардын 47-51 пайызын түзөт. Эгер коңшу Тажикстан менен салыштырсак – бул өлкөдөн иш издеп келгендердин жалпы санынын 20-30 пайызын гана түзөт", — деп түшүндүрөт Бегиева.

Ал көңүл ачуу тармагы боюнча да диаспоранын колунда статистика бар экенин белгилейт. Москвада кыргызстандыктар көп эс алчу жайлар – чайканалар жана KFC ресторандары.

"Албетте, кыргызстандыктар бири-бири менен тойлордо да кезигишет. Ошону менен бирге эле кызык сезилсе да, белгилей кетчү бир нерсе бар – кыргызстандыктар үчүн мекендегиге караганда Москвада үйлөнүү тоюн өткөрүү арзан түшөт", — дейт ал.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Свадебная студия 💍👰"Чынара"#1 (@chinara_wedding_dress_moscow1)

Айтымында, кыргыз үлпөт тойлорунда меймандардын орточо саны 250гө чамалайт.

"Ресторанда киши башына 1000 рублден алынат. Албетте, чыгымдардын үстүнө жемиш жана таттуулар да кошулат. Баш кошуп жаткандардын чыгымын союштун жоктугу да азайтат, бул жакта тойго дээрлик жылкы союшпайт. Жакыныраак Подмосковьеден сатып алынган эки-үч койдун этин тартышат", — деп айтып берди Бегиева.

Бегиева Москвада үйлөнүү тойго негизинен досторун, дайым катташып турган адамдарын чакырышарын белгилейт.

"Албетте, кээде Кыргызстандан да меймандар келишет. Дем алыш күндөргө дегеле кыргыз кафе жана тойканалары алдын ала ээленет. Башкача айтканда, ар аптада бизде сөзсүз түрдө бир-эки үлпөт той өтөт. Баш кошуп жаткандар эң көп барган жер — Кызыл аянт. Кызыгы, мигранттардын тойлору түндө деле өтө берет. Мисалы, тойдо жаштар гана болсо, анда кафени таң аткыча ээлеп коюшат. Мындай көрүнүш негизинен мигранттардын кечке чейин иштегенинен улам болот", — дейт Бегиева.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ⚜️СВАДЕБНЫЙ САЛОН В МОСКВЕ⚜️ (@dilya_wedding_moscow)

Сергек жашоого умтулушат

Кыргызстандыктар түндө той гана өткөрбөстөн, спорт менен машыгышат. ММА (Mixed Martial Arts) машыктыруучусу Нургазы Амиракулов мигранттардын көпчүлүгү кечкисин машыгарын айтат.

Тренер ММА Нургазы Амиракулов
© Фото / из личного архива Нургазы Амиракулова
ММА (Mixed Martial Arts) машыктыруучусу Нургазы Амиракулов
"Биздин балдар сергек мүнөздө жашоого тырышат, бирок кечке чейин иштешкендиктен, бул тартипти дайым сактоо кыйын. Мындай режимге карабай, көптөгөн балдар-кыздар машыгууга да убакыт табышат. Мелдештерде утуш үчүн эмес, өздөрү үчүн машыгышат", — дейт Амиракулов. Анын айтымында, мигранттардын арасында спорт менен профессионалдык деңгээлде алектенгендер да бар.

"Россияда өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк, бул жакта эл аралык мелдештер өтө көп өткөндүктөн, өз өлкөсүнүн намысын да коргой алат. Биздин мекендештер үчүн Кыргызстандын туусу желбирегенин көрүү жана гимни жаңырганын угуу маанилүү. Спортчу мекенден ыраак жүргөндө мындай сезимдер сөз менен жеткире алгыс, өтө күчтүү болот", — дейт машыктыруучу.

Москвада эле кыргызстандыктар машыккан 30 спорттук зал бар экенин белгилейт.

Россиядагы кыргыз ашканасы

Москвадагы көк бөрүчүлөр уюмунун башчысы Нурбек Курбаналиевдин айтымында, Кыргызстандан жылкынын этин алып келүүнүн кажети жок.

"Жылкыны мелдештерге гана алып келүүгө болот, бирок союш үчүн алып келиш өтө кымбат, ал түгүл мүмкүн эмес! Өзүңүздөр эсептеп көрүңүздөр, Кыргызстанда тойго союлчу семиз бээнин баасы болжол менен 80-90 миң рубль, ага кошумча жылкыны өлкөдөн чыгарууга уруксат алуу — 20-30 миңдин тегерегинде. Үстүнө дагы ташып келүү чыгымы 30-40 миң рублди түзөт. Олчойгон сумма чыгат, мигранттар андай чыгымды көтөрө албайт", — дейт Курбаналиев.

Ал белгилегендей, аргымак жана тулпарларды өлкөдөн чыгарууга тыюу салынгандыктан, КРден жылкыны чыгарууга уруксат алуу талап кылынат.

"Албетте, союлган малдын этин тоңдургучу бар унаада ташып келүүгө болот, бирок кыргызда тойго мал союштун жол-жобосу бар экенин унутпайлы. Максат меймандарга жөн эле эт тартып коюу эмес, биздин салт боюнча союшка бата алып, чучук, казы-карта да жасаш керек эмеспи", — дейт мекендеш.

Анын маалыматы боюнча, той-топурга адатта Москвадагы нарындык диаспоранын мүчөлөрү жылкы союшат, алар жылкыны Россиядан сатып алышат.

Ак-Талаа районунун кулуну Эдилбек Жумадилов россиялык жылкылардын эти даамы боюнча биздегиге жетпей тургандыгын айтат.

"Жылкыны Подмосковье жана жакын жайгашкан облустардан сатып алабыз, кээде 300-400 чакырым жол жүрөбүз. Биздикилер мекенден алыс жерде улуттук тамак-аштарды сагынышат, эми жылкынын этин тойдо эле эмес, кафеде да сурап жеп калышты. Бир айда 6-7 жылкыны союшка камдайм, бирок мындан тышкары койдун жана уйдун этинен жасалган тамактарды да көп сурашат. Мына он жылдан бери союш менен алектенем, мага ишенишет", — дейт Жумадилов.

Гүлдесте жана боз үй

13 жылдан бери гүлдесте саткан Анаркүл Султанбаева кыргызстандыктардын чанда гана гүл сатып алышарын айтат.

"Москвада иштеп келе жатканымдан бери мекендештерибиздин гүлгө көп көңүл бурбаганын байкадым. Мисалы, биздин дүкөндөн кыргызстандыктардын гүл сатып алганы аз, айына бир ирет болушу мүмкүн", — дейт Султанбаева.

Айтымында, бул кыргызстандык кыздардын гүлгө караганда олуттуу, маселен, зергер буюмдарды белекке алууну туура көрүшөт.

Биздин салтка ылайык, чоң майрамдарды кыргызстандыктар боз үй тигет.

Убранство юрты в Москве
© Фото / Касым Темиров
Боз үй

  Бегиеванын маалыматы боюнча, азыр Москвада жети чакты кыргыз боз үйү бар.

"Көпкө дейре Москвада баарыбызга менин жалгыз боз үйүм гана тигилчү. Биздикилер аны ар кандай иш-чараларга алышчу. Төрт жыл мурда алып келгем, аны Бишкектен алып чыгуу үчүн КР Маданият министрлигинен уруксат алууга туура келген. Боз үйдү адегенде ресторандын ичине жыйганбыз, бирок Москванын өрткө каршы мекемеси тез күйө турган буюмдарды коомдук тамактануу түйүндөрүндө сактабоого кеңеш берген. Азыр аны Подмосковьедеги досторубуздун дачасына жыйдык. Эми Нооруз майрамына карата тигилет", — дейт Бегиева.

Айтымында, былтыр улакчы Нурбек Курбаналиев ар кыл улуттук маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн алты боз үйдү ташып барган.

Sputnik Кыргызстандын маалыматы

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматына таянсак, 2019-жылы дипломатиялык мекеменин консулдук кызматына 48 000ден ашуун жаран кайрылган.

23 199 кишиге көмөк көрсөтүлгөн.

Эки жыл ичинде — 2017-жылдан 2019-жылга дейре “кара тизмеден” 42 миң кыргызстандык чыгарылган.

Россиядан 2019-жылы Кыргызстанга 140 "Жүк-200" жөнөтүлгөн.

Тема боюнча

Россияда эмгектенген кыргызстандыктар көп таба башташабы? Серепчилердин пикири
Россиядагы кыргызстандыктар жол кырсыгына көп кабылууда. Себептери
Белгилер:
факты, миграция, Россия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ