Түркияда акча агып жаткан жок! Элчи Ибрагим Жунусов КР мигранттары тууралуу

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов. Архив
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов кыргызстандык мигранттардын жашоо-шартына токтолуп өттү.

Миграция кызматынын маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө Түркияда 30 миңден ашуун кыргызстандык бар. Алардын саны өзгөчө жайкы сезондо кескин жогорулап, октябрь айынан кийин кайра азая баштайт. Учурда эмгек келишимин түрк лирасы менен түзгөн кыргызстандыктар тапкан акчасын сомго айландырганда чыгымга учуроодо. Анткени түрк лирасынын куну кескин төмөндөп, 5,75тен 7,2 лирага чейин жетип тургандыгын буга чейин РИА Новости белгилеген.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовго аталган өлкөдө иштеп жүргөн КР мигранттардын турмушу тууралуу 3-4 собол узатып жооп алдык.

Түзүлгөн келишимди буза албайбыз

— Кыргызстандан келген мигранттар Түркияга алты айлык, бир жылдык келишим менен келген. Ал жерде айлык маянасы түрк лирасы менен төлөнөт деп көрсөтүлүп, ошол акчага ыраазы болгону үчүн кол коюшкан. Жада калса, аларга жумуш бергендер учак билетин да алып берген. Келишимде мунун баары каралган. Эгер документте маяна доллар менен төлөнөт деп көрсөтүлсө мындай көйгөй жаралбайт эле. Биз дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, колубуздан келген аракетти жасап жатабыз. Маселе оң жагына чечилер-чечилбесин мезгил көрсөтөт.

Учурда төрт кыргызстандык абакта отурат

Женская исправительная колония № 2 в Мордовии - Sputnik Кыргызстан
Улан-кыздарды кууратты деген компанияга эми Анталиядан арызданышууда
— Эртеден кечке мекендештерибиздин маселелерин чечүүгө аракет жасайбыз. Мына азыр да биздин кабылдамада 10дон ашык кыргызстандык отурат. Жакында эле сегиз баланын айлыгын жетекчиси төлөбөй жаткан экен, аларга жардам берип, маселесин чечип бердик. Мындан сырткары, ооруп келгендер да жок эмес. Аларга котормочу керек болгондо биздин кызматкерлерден жана студенттерден суранам. Кээде аларды дипломаттардын үйүнө жаткырууга туура келет. Ошондой эле учурда төрт жараныбыз түрмөдө отурат. Алардын экөө адам өлтүрүү, бирөө наркотикалык заттарды саткандыгы үчүн, бирөө адам сатуу кылмышы боюнча айыпталган. Жакында эле феточу деп кармалган эки жигитти мекенибизге жибердик.

Түркияда 30 миңден ашык кыргызстандык бар

— Миграция кызматынын маалыматына ылайык, учурда Түркияда 30 миңден ашуун кыргызстандык бар. Апрель айынан октябрга чейин мигранттардын саны кескин жогорулап, андан кийин 15 миңге чейин азаят. Анткени алар Анталияга иштөө үчүн "сезондо" келип кетишет. Расмий маалыматтар боюнча Анкара менен Стамбулда эки жарым миңдей студент билим алууда. Алардын 530у мамлекеттик окуу жайларда стипендия алып окуса, калган эки миңи менчик университеттерде билимин жогорулатып жатат. Мындан сырткары, Түркияда үч ай визасыз жүрүүгө мүмкүн болгондуктан, каттоого турбаган жарандарыбыз да бар. Визасыз жүргөндөрдүн көйгөйү толтура.

Түрк тилин билбесеңер Түркияга келбегиле!

Бишкекте чет өлкөдөн жумуш берүүнү убадалган Езекия компаниясы улан-кыздарды жумушка жөнөтпөй же акчасын кайтарып бербей жатат. - Sputnik Кыргызстан
Түркияга ишке жөнөтөм деген компания убадасынан тайып, улан-кыздарды кууратты
— Түркияга келип иштейм дегендер түрк тилин билбесе келбей эле коюшу керек. "Эжемдин досу чакырды эле, байкемдин таанышы иш таап коюптур" деп келгендер тескерисинче карызга батып кетип жатат. Түркияга жумушка чакырабыз деп илинген Ош базарындагы көрнөк-жарнактарга ишенбеш керек. Чындап эле жумуш тапкысы келген адам миграция кызматына барып, жардам сураса болот. Азыр интернеттин заманы эмеспи. Кайсы компания менен келе турган болсо, алгач ал боюнча маалымат алып алсын. Түркияда акча жерде агып жаткан жок. Барсак эле байып кетебиз деп ойлоо — жаңылыштык.

Эске салсак, буга чейин Cumhuriyet басылмасы 2018-жылдын 10-августун "кара жума" деп атап, учурда өлкөнү башкарып жаткан Адилет жана өнүгүү партиясынын (АК партия) тарыхындагы эң начар күн болгонун жазган.

Түрк лирасынын куну кескин төмөндөп, 5,75тен 7,2 лирага чейин жетип тургандыгын РИА Новости белгилеген. Буга АКШнын эки түрк министрине карата берген санкциялары түрткү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0