05:53 23 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Түркиянын желеги. Архив

ТИМ Антальядагы сабалган кыргызстандык аял боюнча маалымат берди. Полиция абакта

© Sputnik / Валерий Мельников
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
51010

Соттун кезектеги отуруму Анталья шаарында 9-ноябрда болуп, ага элчиликтин Стамбулдагы баш консулу катышат

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Түркиянын Аланья аймагында эки полиция кыргызстандык аялды чачынан сүйрөп, таяк менен сабады деген полиция кызматкерлери кызматтан бошотулуп, учурда абакта отурушат. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин кыргызстандык 40 жаштагы аялдын Аланьяда сабалганы тууралуу Haberler агенттиги жазып, анын сабалып жаткан видеосу социалдык тармакка тарап кеткен.

"КРдин Түркиядагы элчилиги аялдын сабалышы туурасында так жана чын маалымат берүү боюнча расмий сурам жиберген. Түрк тарап полициянын күнөөлөнүп жаткан кызматкерлери дароо кызматтан бошотулуп, камакка алынып, учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын билдиришкен", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта соттун кезектеги отуруму Анталья шаарында 9-ноябрда болорун, ага элчиликтин Стамбулдагы баш консулу катышаары кабарланган.

Учурда жабырланган аял клиникалардын биринде дарылануусун улантууда. Элчиликтин кызматкери аталган аял менен, ал эми министрликтин кызматкери анын Бишкек шаарындагы атасы, сиңдиси менен байланышып, иш алып барууда.

Тема боюнча

ЖМК: Түркияда полиция тарабынан сабалган кыргызстандык аял өлкөдөн чыгарылат
Белгилер:
сот, полиция, аял, Анталья, Түркия, Стамбул
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ