Нью-Йоркто жоголгон кыргызстандык баланы издөөгө элчилик жардам көрсөтөт

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүГорода мира. Нью-Йорк
Города мира. Нью-Йорк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20 жаштагы кыргызстандык Азиз Чиркеев, 3-апрель күнү кечки саат 9да (Нью-Йорк убактысы боюнча) жумуштан чыккан боюнча үйүнө келген эмес.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Нью-Йоркто дайынсыз жоголгон кыргызстандык жаранды издөөгө алгандыгын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

20 жаштагы кыргызстандык Азиз Чиркеев, 3-апрель күнү кечки саат 9да (Нью-Йорк убактысы боюнча) жумуштан чыккан боюнча үйүнө келген эмес. Анын телефону өчүк болгондуктан жайгашкан жери белгисиз болууда.

Вопрос МП Зеленстрой: почему деревья сохнут выборочно? - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жоголгон балдар үйүнө өздөрү кайтып келди
Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, элчилик Чиркеевдин туугандары, Нью-Йорктогу диаспора өкүлдүрү жана укук коргоо органдары менен байланышып иш алып барып жатканы айтылат.

Ошондой эле кыргызстандык уландын жоголгондугу туурасындагы маалымат АКШнын жергиликтүү ЖМКларына, соцтармактарга жарыяланган. Кыргыз диаспорасы да издөө иштерин жүргүзүп, анын сүрөтүн көчөлөргө илген. Бирок азырынча натыйжа чыкпай жатканы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0