07:16 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Эмгек мигранттары, архивдик сүрөт

Вице-премьер Разаков Санкт-Петербург башчысы менен кара тизме маселесин талкуулады

© Sputnik / Павел Лисицын
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
22902

Ал ЕАЭБ алкагында эмгек мигрантарынын абалы бир кыйла жакшыртылышына ишеним артаарын билдирди.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Санкт-Петербург шаарынын губернатору Георгий Полтавченко менен аймак аралык кызматташуу жана мигранттар түшүп калып жаткан кара тизме маселесин талкуулады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Разаков бүгүн "Жолдордогу коопсуздук жашоонун коопсуздугу үчүн" VI Эл аралык конгрессине катышты. 

Разаков Россиянын субъектиси менен аймак аралык кызматташууну өнүктүрүүнү активдештирүү маданий-гуманитардык, эки тараптуу өз ара соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн өбөлгө түзөрүн айтты.

Тараптар Кыргызстандын эмгек мигранттарынын маселесин талкуулады.

Вице-премьер кара тизменин кыскартылышына карабастан кыргызстандык жарандардын саны көп бойдон калып жатканын айтты.

Разаков биргелешкен аракеттерге жана Кыргызстандын ЕАЭБдеги мүчөлүгүнөн улам Россия аймагындагы эмгек мигрантарынын абалы бир кыйла жакшыртылышына ишеним артаарын билдирди.

Жолугушууга Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев да катышты.

Тема боюнча

Казакстанда КР мигранттарын кургак учук оорусунан дарылоо талкууланды
Сооронбай Жээнбеков: мигранттардын негизги үч көйгөйү бар
Белгилер:
кара тизме, мигранттар, Евразиялык экономикалык биримдик, Георгий Полтавченко, Жеңиш Разаков, Санкт-Петербург

ЭҢ МААНИЛҮҮ