Комуздун кылы менен адамды өлүмдөн алып калган

Алтын колдуу хирургдун баяны
Комуздун кылы менен адамды өлүмдөн алып калган
Алтын колдуу хирургдун баяны
Малчынын уулу Ысык-Көлдүн жээгинде отурган. Көлдү телмире тиктей бир аз мурда эрксизден күбө болгон окуяны унутууга тырышат...

Толгоосу келип, жаны көзүнө көрүнүп турган аялга эч ким жардам бере алган жок. Бүркүтчү камчы менен кош бойлуу аялга "кирип кеткен жинди кууп чыгарууга" далалат кылды. Мунун баары наристенин көз алдында болду. Ал убакта жаш бала тагдыр ага маанилүү вазийпа камдаганын, аты да затына жарашып, адам өмүрү үчүн өтө маанилүү кесипке ээ болорун кайдан билсин.

Билим алууга умтулуусу ушунчалык күчтүү болуптур, кендирди кескен кедейлик да буга бөгөт боло албаптыр. Элге арнаган арзуусу чексиз экенин мындан билиңиз, сөздүн түз маанисинде адамдар ага өз жүрөгүн ишенип табыштаган. Ал эми улуу дарыгер арабыздан кеткенде акыркы сапарга узатуу үчүн миңдеген эл көчөгө тизилген...

Азырынча Иса Ахунбаев тууралуу чыныгы баян менен таанышуу үчүн Ысык-Көлдүн жээгине кайталы.
1908-жыл. Ахунбаевдин туулган айылы Тору-Айгырда дарыгер алтынга тете кез. Адамдардын табыптарга ынангандан башка аргасы жок.
"1908-жылы Пишпек жана Пржевальск уезддеринде болгону 4 врач иштеген. Ал эми 1913-жылы 14 миң калкы бар Пишпекте беш дарыгер жана 38 керебеттүү жалгыз оорукана болгон. 1916-жылы дарыгер, фельдшер, акушер жана фармацевттердин саны 28ге жетет. Бирок, албетте, калктын басымдуу бөлүгү медициналык жардам ала албаганы түшүнүктүү".
"Хирург Ахунбаев" китебинен
Кичинекей Иса мындай шарттарда оору тооругандар кандай азап чегерин көрүп өстү. Балким, ошондо эле бала элге көмөктөшкүсү келерин аңдаган чыгар, бирок элдин башына мүшкүл түшүп, 1916-жылдагы окуялар башталат.
"Тору-айгырлыктар Рыбачье жана Тоң ашуусун ашып өтүшөт. Ызгаар күчөгөндөн күчөй берген, элдин азыгы түгөнүп, малдын башы кемий берет. Мен минген күрөң торпок да өлдү. Жөө калдым. Эң эсимде калганы – элдин тузу түгөнгөнү. Балким, турмушта эң оор нерсе – тузсуз калуу чыгар".
"Хирург Ахунбаев" китебинде чагылдырылган Иса Ахунбаевдин эскерүүлөрүнөн
Иса Ахунбаев достору менен. Ташкент шаарында билим алып жүргөн учуру
Үркүндө сегиз жашар Иса бир байдын малчысына жардамчы болот. Тору-айгырлыктар туулган жерге кайтууга камынганда бай тестиер зирек баланы бергиси келбейт. Ошол үчүн атасы Исаны катып алып келген.

Болочок хирургдун кат-сабаты 14 жашында жоюла баштайт. Өзүнүн эскерүүлөрүндө ал карандаш, эки дептер жана кичинекей борду колго алуу тоодой бакыт болгонун жашырбайт. Классташтарынын арасында да эң улуусу, ошондуктан алар ага Иса "байке" деп кайрылышчу.

Орус тилин үйрөнүү үчүн өспүрүм күн сайын Тору-Айгырдан Балыкчыга чейин 22 чакырым баскан. Бул Кантта жашап, ар күнү Бишкектеги мектепке жөө келип-кетүүгө тете аралык.
1925-жыл. Ахунбаев 17 жашта. Боз улан куржунун артынып, Фрунзеге жөө-жалаңдап келип, андан ары Ташкентке бет алган.

Адегенде Ташкент медициналык техникумунда окуп, кийин орто азиялык университеттин дарылоо факультетине өтөт. Дал ошол жерден хирургия ааламына сүңгүп, болочок жубайы Бибихан Исмаилова менен таанышат.
"Апам атамдан: "Бул дүйнөдөн кеткенимде сен эмне кыласың?" — деп сурайт экен. Ал "Камсанаба, биз бир күндө узайбыз", — деп жооп бериптир. Атам алдыны көрө билсе керек... Оозуна сала бергендей алар чогуу, бир мүнөттө набыт болушту", — дейт дарыгер жубайлардын кызы Нелли Исаевна.

Алигүнчө апасынын баарына кантип үлгүргөнүнө таң калат. Бибихан Исмаиловна беш баланы тарбиялап, үй-бүлө кутун сактоо менен гана чектелбестен, көпчүлүктүн эсинде мыкты адис катары да калды.
Иса Коноевич жубайы Бибихан Исмаиловна жана улуу баласы Мустафа менен, 1937-жыл
Белгилүү терапевт Миррахимов Бибихан Исмаиловнадай клиницистти биздин өлкөдөн кезиктирбегенин айткан. Ал эч кандай анализи жок эле "клиникага" негиздеп туруп так диагноз коё алчу экен.

Кантип баарына жетишчү билбейм... Таң заарда туруп, тамагыбызды белендеп, бизди мектепке же бакчага даярдап, атамдын көйнөгүн үтүктөп, лекцияларына да камданууга убакыт тапчу", — деп эскерет Нелли Исаевна.

Иса Коноевич аялынын ырдаганын тыңдоону да жактырчу экен. Ушундай бир кубулжуган үнү болгондуктан, студент кезинде медициналык университетти таштап, артист болсомбу деген да ойго жетелениптир! Ахунбаевдердин династиясында чыгармачыл кесиптерге кызыгуу, шык ачык байкалат...
… Жаш хирург көл-шал тердейт, бирок аны да элес албайт. Анан кантсин, өз алдынча жасаган алгачкы операциясы бул! Болжолдуу диагноз туура чыккан, бейтаптын көйгөйү сокур ичегисинде эле. Жаш врач толкунданып турса да, операцияны ийгиликтүү аягына чыгарат.

Ар жарым саатта Ахунбаев бейтаптын палатасына баш багууга шылтоо издейт. Жыл өткөн сайын деле ошондогудай боорукер, кайрымдуулугунан түк жазбады, катаал мүнөз күтпөдү.
"Азыркыга дейре көнө албай жүрөм. Иштен үйгө кайтканымда жакшы өткөн операциялардан кийин деле бир нерсени байкабай калган жокмунбу деп баарын бир сыйра эстеп чыгам. Ооруканага чалып көрөйүнчү... Ошенткеним оң. Тынч уктайм да".
"Хирург Ахунбаев" китебинде чагылдырылган Иса Ахунбаевдин эскерүүлөрүнөн
Даңкы чыгып турганда да Иса Коноевич мурдагыдай эле ноокастарга өзгөчө көңүл буруп, жаш дарыгерлерге да кам көргөн. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, профессор, Ахунбаевдин шакирти Шамиль Чынгышпаев эскерет.
Шамиль Чынгышпаев
медицина илимдеринин доктору, профессор, Ахунбаевдин шакирти
"Бейтаптар Ахунбаевге көрүнгөндөн кийин сакайып кетерине терең ишенген. Алардын көздөрүнөн дарыгерге болгон арзуу жана үмүттү байкачумун. Ар бир ноокастын көңүлүнө төп сөздү таап айтчу. Дарылоочу врач бейтаптар тууралуу дарттын бүт таржымалын жатка билчү, анткени Иса Коноевичтин суроолоруна жооп берип жатып, документтерге үңүлүү адепке жатпайт эле. Доктурлардын тышкы көрүнүшүнө да абдан маани берилип, аппак халат, крахмалданган чепчик кийишчү. Клиникада бир да орой кеп укпадым. Дасыккан дарыгерлер жаш кесиптештерине ызаат менен мамиле кылышчу", — дейт ал.

Эң татаал операцияларды Ахунбаев өзү баштап, кийин аларды айланасындагы жардамчылары өздөштүрүшчү. Хирургиянын жазылбаган мыйзамдарына карабастан өз туугандарына да өз алдынча операция жасаган.

"Иса Коноевич адамдагы эң начар сапат катары жалган айтууну эсептеген. Арабыздан устатыбызга калп айтууга аракет кылгандары эсимде жок. Баарын терең көрүп койчу, андыктан бирөөндө кине болсо, анын кыраакы көздөрүнөн муну эч ким жашыра алчу эмес", — деп эскерет Чынгышпаев.

Ахунбаевдин өзү да өтө чынчылдыгы менен айырмаланган. Жакындарынын айтымында, ал жогорку даражалуу аткаминерлерди да сындоодон артка кайтчу эмес. Мындан улам, албетте, аны бийликтегилердин кыртышы сүйчү эмес.
1941-жыл. Согуш башталганда Ахунбаев бир нече ирет фронтко жөнөтүү боюнча рапорт тапшырат, бирок ар жолкусунда өтүнүчү четке кагылат. Таланттуу дарыгерге тыл да муктаж эле, себеби ошол жылы республика жарадар жоокерлерди көп кабыл алып, дарылап, айыктырып турган.
Бала-чакасы атасын дээрлик көрбөй калышкан, үйгө кайтса да түн бир оокумда келет. Бир жолу ошентип иштен кеч чыкканында Ахунбаев бир кызык окуяга тушугат...
— Токто! — деп кыйкырышат аллеяда аны атайын күтүп турушкандай үч бейтааныш киши.
Иса Коноевич аларга жакындайт.
— Акчаң, саатың барбы?
— Жок.
Артынан дагы бирөө басып келет. Хирург: "Согуш жүрүп, адамдар фронтто жан берип жатса, булардын жоругун кара... Кандай кишилер булар?" – деп кыжырданат.
— Пальтоңду чеч.
— Эгер балдарыңды багыш үчүн ушуга зарылып турсаңар, акыркы буюмумду да карматкандан аянбайм. Силер, бирок сак-саламат туруп эмнеге фронтто эмессиңер?
Фонариктин жарыгы дарыгердин көзүнө урунду. Кол салгандардын бири:
— Токтогула, балдар! Бул Ахунбаев да, үнүнөн тааныдым. Бул мени сактап калган, эсиңердеби баягы?
Өз жүзүнө жарыкты жандырып:
— Таанып турасызбы, Иса Коноевич?
Ахунбаев бир же бир жарым жыл мурун оор жараат менен түшкөн кишини тааныды. Бандит экен дешкен эле...
— Жүрүңүз, докторду узатып коёлу. Башка бирөөлөргө жолугуп калбасын.
Ахунбаевдин тун уулу Мустафа Исаевичтин "Адабий Кыргызстан" басылмасынын 1979-жылдагы № 6 номериндеги эскерүүлөрүнөн
Иса Коноевич согушка чейин эле богок көйгөйүнөн арылуунун жолун издегиси келген, бул дарт республикада кеңири жайылган эле. 1940-жылдардын экинчи жарымында бул темага кайра кайрылган. Он жыл аралыгында Ахунбаев башында турган илимий кызматкерлердин тобу республика боюнча 171,6 миңден ашуун тургунду текшерип чыккан.

Экспедициянын натыйжасында алардын үчтөн биринде тигил же бул деңгээлде калкан сымал без сезгенгени аныкталган. Изилдөөнүн жыйынтыгы окумуштуу медиктерге илдеттин келип чыгыш себеби йоддун жетишсиздиги экенин аныктоого мүмкүндүк берген.

1952-жылы өлкөдө йод менен алдын алуу иштери башталган, андан улам калктын бул ооруга кабылуу саны 5-6 пайызга төмөндөгөн!

Ахунбаевдин дагы бир илимий кызыгуусу – эхинококкоз менен күрөшүү болду. Бул теманы көп изилдеп, андан жакшы жыйынтыктар чыккан.

Иса Коноевичтин ишин анын шакирттери уланткан. Доктор шок жана шокко каршы дарылоону, балдардын сокур ичегисинин сезгенишин изилдөөгө да көп убакыт бөлгөн. Анын бул багыттагы эмгектеринин натыйжасы дүйнөлүк медицинанын байлыгына айланган. Жалпысынан Ахунбаев 300дөн ашуун илимий эмгекти, анын ичинде 8 монография жана 3 сөздүк жарыялаган.

1952-жылы жаш окумуштуу СССР Илимдер академиясынын кыргыз филиалын жетектеп, эки жылдан кийин Кыргыз ССР Илимдер академиясынын биринчи президенттигине дайындалган.

Булар менен катар Иса Коноевич СССР жана Кыргыз ССР жогорку кеңештеринин бир нече жолку чакырылышына депутат болуп шайланган. Депутаттык милдеттерди туура аткарып да, ошону менен бирге эле чет өлкөдө – Делиден Венага чейинки эл аралык аянтчаларда союзду жана республиканы татыктуу тааныта алган.
1950-жылдардын экинчи жарымы. Москва жана Ленинградда жүрөк хирургиясы тез өнүгүп жаткан кез. Кесиптештеринин ийгиликтерине шыктанган Ахунбаев мекенде да ошондой операцияларды жүргүзүү үчүн алардын тажрыйбасын өздөштүрүүнү көксөгөн.

Болгону анын бул аракетине ынангандар аз болуп, ошол убакта кыргыз кардиохирургиясы түптөлчү күн жакындаганын эч ким элестете алган эмес.

Ахунбаев кезегинде өзү да белгилегендей, анын бул демилгесин биринчи жана жалгыз колдогон киши академик, советтик жана окумуштуу хирург Александр Бакулев болгон.
"Ал мени кубаттап, ишенимимди бекемдеген. Бирок фрунзелик кесиптештерим жана жетекчилерди атайын адистешкен кардиохирургиялык жардам зарылдыгы бышып жетилгенин ынандыруу үчүн эки жыл кетти".
"Хирург Ахунбаев" китебинде чагылдырылган Иса Ахунбаевдин эскерүүлөрүнөн
Иса Коноевич Москвага шакирттери менен чогуу учат. Кийин Мекенге ал жүрөккө операция жасоодо кыйла тажрыйба топтоп кайтат, бирок бейтаптарды ага жөнөтүшпөйт...

Бир жолу Ахунбаевге Шаршенбек Мырзабеков деген бейтап кайрылат. Ал түшүндө операция жасап, жүрөктүн ревматикалык кемтигинен сакайткан дарыгерди көргөнүн айтып берет. Түшү чын чыгат. ...Жаш жигит жана анын өмүрүн куткарган керемет жөнүндө көп өтпөй гезиттердин баары текши жазып, ал эми 1959-жылдын 19-майы республикадагы кардиохирургия түптөлгөн күн катары тарыхта калат.

15 жыл аралыгында Ахунбаевдин жетекчилиги алдында республикада мурда дегеле жасалбаган ондогон операциялар кылына баштаган.
Ахунбаев операцияларынын бирин экстремалдык шартта жасаганын көпчүлүк биле бербесе керек, ал боз үй ичинде адамды куткарып калган. Бул "Хирург Ахунбаев" китебинде кеңири чагылдырылат.

…Көз жоосун алган Көк-Ойрок жайлоосу. Иса Коноевич бул жакка жубайы менен бирге туугандарынын бири – чабан Кадыркулга учурашууга келет. Бирок олбурлуу жигиттин ордуна аларды оорудан онтоп, алсырай түшкөн киши тосуп алат. Бейтапты көрүп, хирург: "Аппендицит (сокур ичегинин оор сезгениши). Рыбачьеге чейин жеткирүүгө үлгүрбөйбүз", – деген бүтүмгө келет. Ахунбаевдин башка аргасы жок эле. Хирург булактан суу алып кайнатууну, комуздун кылынан мүмкүн болушунча көбүрөөк алып келүүнү өтүнөт. Аялында кебез, бинт жана бир аз спирт бар экен. Чабандар врачка комуз кылынын эмне кереги бар экенин дароо түшүнүшпөйт, бирок айтканын илгиртпей аткарышат.

Колундагы маки, пинцет жана комуздун кылы менен дасыккан хирург ишке киришет... 21 күн өткөндө Кадыркул кайрадан атка мингенге жарап калат. Андай кереметке анчейин ишенбей, өлүмдөн калган чабанды өз көздөрү менен көрүү үчүн атайын келген адамдардын аягы көпкө үзүлбөптүр.
Ахунбаевдер туугандарынан тез-тез кабар алып гана турбастан, өздөрү да көп конок тоскон. Ар ишембиде Иса Коноевич базарга каттап, эт сатып алып, өзүнүн очор-бачарлуу үй-бүлөсүн толук конокко чакыруу адаты эле. Дарыгер жубайлардын беш баласы болгон.
Тун уулу Мустафа Исаевич — эл артисти, КР искусствосуна эмгеги сиңген ишмер. Бир топ убакыт бою Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы режиссеру болуп иштеп, консерваториянын профессору да эле. Мустафа Исаевич 2017-жылы 82 жашында кайтыш болгон.

Нелли Исаевна — медицина илимдердин доктору, КРСУнун медициналык факультетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору, КРге эмгеги сиңген врач, Иса Ахунбаев атындагы сыйлыктын алгачкы лауреаты. Азыр 83 жашта.
Иса Коноевичтин кызы, медицина илимдердин доктору, профессор Ахунбаева Нелли Исаевна
Чынара Исаевна да атасынын жолун жолдоп врач болгон. Доктордук диссертациясын коргоого камданып жаткан. Ошол каргашалуу күнү ата-энеси менен кошо автоунаада Чынара да жолдошу менен бара жаткан эле. Экөө тең каза тапкан.

Анара Исаевнанын кесиби – филолог, Кыргызстандагы университеттердин биринде орус тили жана адабиятынан сабак берет.

Медер Исаевич врач, медициналык илимдердин доктору болгон. Атасы өңдүү таланттуу кардиохирург эле. Ахунбаевдердин кенжеси да 1999-жылы арабыздан кеткен.
Иса Коноевичтин балдары эле эмес, неберелери да өмүрүн медицинага арноого белсенишкен. Эгер медик туугандарын чогултсак, бүтүндөй госпиталга жетерлик.

Нелли Исаевна мындай деңгээлдеги инсандын кызы болуу оной эместигин жашырбайт. Баса, белгилүү атасы ага эч качан жеңилдик берген эмес.

"Атам мага баарынан азыраак операция жасаткан, бирок өжөрмүн да, ахунбаевдик мүнөзүм бар! Атама бардык нерсесине, анын ичинен катуу кармаганы үчүн да ыраазымын. Көзү өткөндөн кийин бул мага өз ордум үчүн күрөшүүгө көмөк болду. Эрке кыз болуп өстүрсө, көп нерсеге жетерим арсар болмок", — деп белгилейт Нелли Исаевна.
…1974-жылдын 31-декабры. Ахунбаевдердин чоң жана ынтымактуу үй-бүлөсү жаңы жылды бирге тосот. Жакындары ошол кечте Иса Коноевич шайыр, боорукер болгонун айтышат. Майрам алдында бардык дос-тааныштарына жылуу куттуктоолорун жолдойт.

Үч күндөн кийин хирург ишке чыгып, адатынча окутуучунун күндөлүгүн толтурат:
9:00-9:30 — беш мүнөттүк жыйын өткөрдүм.
9:45-11:20 — клиникадагы бөлүмдөрдү кыдыруу.
11:30-11:40 — амбулатордук ноокас К-вго консультация, 39 жашта […]
12:00-13:00 — клиниканын жаңы имаратынын курулушун карап чыгуу.
13:00-14:50 — дарылоо факультетинин III курсунун студенттерине "Жарааттар" темасы боюнча дарс окуу.
15:00 — үйгө кеттим.
Иса Ахунбаевдин күндөлүгүнөн
Ушул жазуу акыркы болуп калат. 1975-жылдын 5-январында Иса Коноевич жол кырсыгында жубайы, кызы жана күйөө баласы менен набыт болгон.
…Кырсык болгон түнү Шамиль Чынгышпаев Фрунзеге түнкү экспресс менен кайтат. Ызгардуу, калың кардуу январь эле, жолдун тайгалактыгын айтпаңыз.

"Таңкы саат 4 чамасында "Красная речка" станциясынан анча алыс эмес 34-чакырымдан өтүп баратканбыз. Жол чекесиндеги ак "Волганы", ал эми маңдай тарабында кагылышкан жүргүнчү ташуучу автобусту көрдүм. Милиция кызматкерлери туруптур, жабыр тарткандарды Токмоктун ооруканасына алып кетишти", — деп эскерет Ахунбаевдин шакирти.
Иса Коноевич жубайы Бибихан Исмаиловна менен
Таңда Шамиль Мукашевич клиникага келет. Азыркы казакстандык кардиохирург Сейтхан Жошибаев менен чогуу жүрөккө операция жасоодо Иса Коноевичке ассистенттик кылышмак.

"Көп өтпөй кырсыкты уктук. Токмокко барып, Иса Коноевич менен анын жакындарынын сөөгүн Фрунзеге алып келдик. Эмнеге мындай болду? Эмне үчүн үрөй учурган кырсык болду? Баары ушул эле суроолорго баш катырып турду. Ошол күнү клиника кадимкидей жетимсирей түшкөн... Дарыгерлердин чачын ак аралагандары да, жаштары да, алардан өтүп санитаркалар көз жашын тыя албай, ыйлаганын жашыра да алышкан эмес", — деп эскерет Шамиль Мукашевич.
Хирург менен кош айтышуу үчүн борбор шаардын көчөлөрүнө миңдеген адамдар чыккан, өлкөнүн тургундары үчүн Ахунбаев көзү тирүүсүндө эле легендага айланган. Калаа андай тажияны ал кезде көрө элек болчу деп эскерет Нелли Исаевна.

"Биз "Физприборы" заводунун жанынан өтүп бараттык. Жумушчулардын баары көчөгө чыкты. "Биз жекшемби күнү иштеп толуктайбыз, бирок бүгүн улуу хирургду акыркы сапарга узатабыз" дешиптир", — деп баяндайт ал.

Нелли Исаевна ошол оор жоготууга учураган убактан бери 46 жыл өтсө да, күйүт басылбай келерин айтып үшкүрүнөт...

Бир кезде хирургдун операцияларына демдерин ичке ката көз салган кыз-жигиттер кийин дарыгерлердин жаңы муунун тарбиялап чыгарган дасыккан дарыгер болуп чыга келишти.
Тору-Айгырдын тургундары Ахунбаевге Кыргыз Республикасынын Баатыры деген жогорку даражалуу наам ыйгарылышын каалашат. Айылдаштары жаңы бийлик улуу инсандын салымын татыктуу баалайт деп үмүттөнүшөт. Ондогон жылдардан кийин да улуу хирург болуп чыккан карапайым ысык-көлдүк жигит менен сыймыктанарыбыз анык эмеспи.
Автор
Карина Разетдинова

Фото
Табылды Кадырбеков
Мамлекеттик кинофонофотодокументтер борбордук архиви
Ахунбаевдердин үй-бүлөсүнүн өздүк архиви

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Жетекчи

Эрнис Алымбаев

Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун редакциясы макаланы даярдоодо көмөктөшкөн Ахунбаевдердин үй-бүлөсүнө терең ыраазычылык билдирет.

Айрым материалдар Медер Исаевич Ахунбаев, Нелли Исаевна Ахунбаева жана Михаил Григорьевич Фингердин "Хирург Ахунбаев" китебинен алынды.
Жаңылыктар түрмөгү
0