13:18 02 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Инфографика

Кыргызстанда канча эл артисти, эл акыны, эл жазуучусу бар. Инфографика

Кыскача шилтеме алуу
281610
Биринчи категориядагы ардак наамдарга татыгандардын саны

Sputnik Кыргызстан агенттиги эл артисти, эл жазуучусу, эл акыны, эл сүрөтчүсү наамы канча адамга ыйгарылгандыгын тактап көрдү.

"Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар жөнүндө" мыйзамына ылайык, биринчи категориядагы ардак наамдарга Кыргыз Республикасынын эл артисти кирет. Ал мыкты көркөм образ, спектакль, телеспектакль, телефильм, кинофильм, концерттик, эстрадалык, цирк программаларын, музыкалык, телеберүү жана радио чыгармаларын жараткан артист, музыкалык аткаруучу, композитор, дирижёр, режиссёр, хормейстор, балетмейстер, төкмө акын, музыкалык, хор, хореографиялык жамааттардын көркөм жетекчилерине ыйгарылат. Адабиятты өнүктүрүүгө салым кошуп чыгармалары менен калың элге таанылган калемгерлерге эл жазуучусу, акындык чыгармачылыкты өнүктүрүүдө эмгеги барларга эл акыны наамы тапшырылат. Ал эми мыкты живопись, скульптура, графика, монументалдык, декоративдүү-колдонмо искусство жараткандарга эл сүрөтчүсү наамы берилет.

Ага татыктуу болгондорго өлкө башчысы алтын жалатылган колодон жана күмүштөн жасалган төш белги тапшырат.

Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери 201 адам КРдин эл артисти, 37 калемгер эл жазуучусу, 34 инсан эл акыны жана 37 киши эл сүрөтчүсү наамына татыган. Өкмөт тарабынан аларга жеңилдиктер деле каралган эмес. Бир гана мамлекеттик мекемелерде иштесе айлыгына 5000 сом кошулат, бирок пенсиясына эч таасир этпейт.

Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө лонгридди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Белгилер:
Кыргызстан, сыйлыктар, инфографика

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ