Эски телефондор жаңыларга караганда канчалык арзан. Статистика

Жазылуу
Кыргызстандыктар кайсы телефонго көбүрөөк акча коротуп, кайсы түскө басым жасай турганы белгилүү болду.

Эски телефондор жаңыларга караганда канчалык арзан экенин бекер кулактандыруулар жарыяланчу Lalafo сервисинин аналитиктери билип көргөн. Ага ылайык, Samsung S7 үлгүсүндөгү эски телефондор өтө арзандап кетет. Наркы баштапкы баасынан 70 пайызга чейин төмөн болот.

Apple компаниясынын iPhone X телефону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Apple: iPhone X телефонунда кемчилик бар экени чындык
Ал эми Samsung J2 үлгүсүндөгү жаңы телефон менен эскисинин баасында өтө деле көп эмес, болгону 14 пайыздык айырма бар.

Кыргызстанда Samsung маркасындагы телефондор көп өтөт. Башкача айтканда, ар бир сатылган үчүнчү телефон — Samsung. Ошол эле учурда iPhone телефонун сатып алгандардын пайыздык катышы 27ни түзөт.

Андан сырткары, Кыргызстанда сатылып жаткан ар бир онунчу телефонду Sony компаниясы чыгарган.

Бишкектиктердин көбү алтын түстөгү телефон көтөрүшөт. Экинчи орунда күмүш түстүүсү турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0