УКМК: депутаттар менен экс-чиновниктердин тобу бийликти басып алмак болгон. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГКНБУКМК менен милиция өлкөдө бийликти күч менен басып алууну пландаштырган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду
УКМК менен милиция өлкөдө бийликти күч менен басып алууну пландаштырган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Деструктивдүү күчтөр шайлоодон кийин коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, бийликти басып алууну пландаган. УКМК буга далилдер бар экенин айтууда.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. УКМК менен милиция өлкөдө бийликти күч менен басып алууну пландаштырган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба ГКНБУКМК менен милиция өлкөдө бийликти күч менен басып алууну пландаштырган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду
УКМК менен милиция өлкөдө бийликти күч менен басып алууну пландаштырган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду - Sputnik Кыргызстан
1/3
УКМК менен милиция өлкөдө бийликти күч менен басып алууну пландаштырган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду
© Фото / пресс-служба ГКНБЖүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын алкагында шайлоодон кийин дароо өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчылдык уюштурууну пландаштырган адамдардын тобу боюнча маалымат алынган
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын алкагында шайлоодон кийин дароо өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчылдык уюштурууну пландаштырган адамдардын тобу боюнча маалымат алынган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын алкагында шайлоодон кийин дароо өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчылдык уюштурууну пландаштырган адамдардын тобу боюнча маалымат алынган
© Фото / пресс-служба ГКНБИликтөө иштеринин жүрүшүндө айрым бир деструктивдүү саясий күчтөр, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы чиновниктер жетектеген адамдардын тобунун кылмыштуу иш-аракеттери тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө айрым бир деструктивдүү саясий күчтөр, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы чиновниктер жетектеген адамдардын тобунун кылмыштуу иш-аракеттери тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө айрым бир деструктивдүү саясий күчтөр, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы чиновниктер жетектеген адамдардын тобунун кылмыштуу иш-аракеттери тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынган.
1/3
УКМК менен милиция өлкөдө бийликти күч менен басып алууну пландаштырган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду
2/3
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын алкагында шайлоодон кийин дароо өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчылдык уюштурууну пландаштырган адамдардын тобу боюнча маалымат алынган
3/3
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө айрым бир деструктивдүү саясий күчтөр, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы чиновниктер жетектеген адамдардын тобунун кылмыштуу иш-аракеттери тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын алкагында шайлоодон кийин дароо өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчылдык уюштурууну пландаштырган адамдардын тобу боюнча маалымат алынган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө айрым бир деструктивдүү саясий күчтөр, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы чиновниктер жетектеген адамдардын тобунун кылмыштуу иш-аракеттери тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынган.
Бул боюнча УКМК тарабынан Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери ("Бийликти күч менен басып алууга даярдануу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, Башкы прокуратура тарабынан ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлгөн.
"Алдыдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин бул топ айрым саясий күчтөрдүн, анын ичинде шайлоодо утулуп калгандардын колдоосуна таянып Бишкек шаарынын аймагында кырдаалды курчутуу менен массалык нааразылык акцияларын, укук тартибин сактоочу күчтөр менен кагылышууларды уюштуруу аркылуу бийликти күч менен басып алууну пландаганы аныкталган", — деп айтылат билдирүүдө.
Шектүүлөрдүн атайын адамдарды топтоп даярдык көргөнү белгиленет.
Бул максатта кылмыштуу топ бийликти күч менен басып алууга түрткү болуу үчүн 1 000ге жакын агрессивдүү жаштарды массалык нааразылык акцияларын уюштурууга топтоп, алар менен мамлекеттик түзүмдөргө каршы идеологиялык мамиле жасоо багытында системалуу жолугушуулар өткөрүлүп, башаламандык чыгаруу пландары талкууланган.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Президент Жапаров: бийликте гана эмес, эл арасында дагы душмандарым бар
"Аталган күчтөрдүн кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюу максатында бүгүн, 26-ноябрда, УКМК менен ИИМ алардын активдүү катышуучуларынын жашаган жеринде жана алар ижарага алган кеңседе тинтүү жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында кылмышка даярдангандыгын тастыктаган документалдык материалдардан тышкары ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана баңгизаттар табылып алынды", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы жана тергөө учурунда алынган төгүндөлгүс далилдердин негизинде башаламандык уюштургусу келген топтун 15тен ашык активдүү мүчөсү кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу чечими кабыл алынды.
Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары уланып, аталган топтун башка мүчөлөрү аныкталып, алардын аракеттерине да тиешелүү юридикалык баа берилери айтылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0