19:08 02 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7897
  • EUR96.0031
  • RUB1.1448
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
577 0 0

Митингге чыккандар Тажикстандын укук коргоо органдарына нааразы болууда. Күндүз Хорог шаарындагы акцияда элге ок атылганы айтылган, бирок маалыматты расмий такташа элек.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Тажикстандын Москвадагы элчилигинин алдында жүздөгөн адам митингге чыкканын Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Жеринде иштеп жаткан кабарчы полиция коопсуздук чараларын күчөтүп, элчиликтин имаратына чейинки жолду курчоого алганын айткан. Жалпысынан абал тынч, эл дипломатиялык өкүлчүлүккө жакын көчөлөрдө чогулган.

Нааразычылык күндүз коңшу өлкөдө башталган. Хорог шаарында Гульбуддин Зиёбеков аттуу киши кармалгандан кийин митингге чыккандар болгон. Ал аймактык прокурордун жардамчысын уурдап кетип сабаган деп шектелген. Прокуратура кармоо учурунда ал ок чыгаргандыктан жооп катары ага да ок атылганын айткан. Бирок социалдык тармактарда ал өлтүрүлгөндүктөн нааразычылык чыкканы тууралуу маалымат тараган.

Айрым ЖМКлар митингге чыккандарга ок атылып, эки киши көз жумганын жазды, бирок расмий түрдө комментарий бериле элек.

Учурда Хорогдо коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Тема боюнча

Беларустун чек арасында мигранттарга тамак таратууда башаламандык жаралды
Москвада мигранттардын санын дагы кыскартуу пландалып жатат
Белгилер:
Тажикстан, Россия, митинг, нааразычылык

ЭҢ МААНИЛҮҮ