16:02 23 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
208 0 0

Качкан жаранды издөөгө Чүй облустук жана Бишкек шаардык милициянын өздүк курамы, ИИМдин ыкчам кызматы тартылган.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкектеги №1 тергөө абагынын кире беришинен бир соттолуучу качып кетип, Теңдик жаңы конушунан кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Алдын ала маалыматка ылайык, окуя бүгүн саат 15:50 чамасында болгон.

“Соттолуучу соттук териштирүү иштери үчүн Бишкектин №1 тергөө абагынан Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына которулган. Ал эми 10-сентябрда райондук милициянын конвойлорунун коштоосунда кайра тергөө абагына жөнөтүлгөн. Ал тергөө абагынын имаратынын жанынан качып кеткен”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам Чүй облустук жана Бишкек шаардык милициянын өздүк курамы, ИИМдин ыкчам кызматы тартылып, аны издөөгө алган. Натыйжада соттолуучу Бишкектин Теңдик конушунан кармалган.

Тема боюнча

Ак жеринен абакка камалган жигиттин тагдыры. Прокуратуранын видеосу
Бийликти басып алууга чакырган. ИИМ Орозайым Нарматова эмнеге кармалганын айтты
Белгилер:
Чүй облусу, милиция, качуу

ЭҢ МААНИЛҮҮ