№1 тергөө абагынан качып кеткен соттолуучу Теңдик конушунан кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКишенделген адам. Архив
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
Качкан жаранды издөөгө Чүй облустук жана Бишкек шаардык милициянын өздүк курамы, ИИМдин ыкчам кызматы тартылган.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкектеги №1 тергөө абагынын кире беришинен бир соттолуучу качып кетип, Теңдик жаңы конушунан кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Алдын ала маалыматка ылайык, окуя бүгүн саат 15:50 чамасында болгон.

“Соттолуучу соттук териштирүү иштери үчүн Бишкектин №1 тергөө абагынан Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына которулган. Ал эми 10-сентябрда райондук милициянын конвойлорунун коштоосунда кайра тергөө абагына жөнөтүлгөн. Ал тергөө абагынын имаратынын жанынан качып кеткен”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам Чүй облустук жана Бишкек шаардык милициянын өздүк курамы, ИИМдин ыкчам кызматы тартылып, аны издөөгө алган. Натыйжада соттолуучу Бишкектин Теңдик конушунан кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0