Артыман кууп, муштап жиберди. Момбеков чырдаша кеткен айдоочу тууралуу айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Рыскелди Момбеков
Депутат ЖК Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2021
Жазылуу
Парламентарий соцтармакка эки мүнөттүк видеоинтервью жүктөп, борбор калаада болгон окуянын чоо-жайын айтып берди.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков ага каршы жазылган арыз боюнча түшүндүрмө берди.

Эл өкүлү ага кол салуу болгонун айтып, бул нерсе парламенттик шайлоонун алдында атайылап жасалып жатышы мүмкүн экенин белгиледи.

Буга чейин соцтармактар менен ЖМКларда депутат жансакчысы менен Бишкектен айдоочуну сабап салганы тууралуу маалымат тараган.

Мушташып жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Бишкек: түнкү барда массалык мушташ болуп, төртөө кармалды
Ал эми Биринчи май райондук милициясы кечээ, 3-сентябрда, саат 16:50дө Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде айдоочулар ортосунда чуу чыкканы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди.

ИИБдин маалыматына караганда, милицияга BMW  үлгүсүндөгү унаанын 27 жаштагы айдоочусу алып келинген. Ал Р. М. аттуу жаран менен анын жансакчысына каршы арыз жазып, алар аны сабаганын билдирген.

Милиция Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык”) боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштап, экспертиза дайындаган.

Момбеков өзүнүн Instagram баракчасына видео кайрылуу жүктөп, тескерисинче, ага кол салуу болгонун белгилеген. Депутат сүйлөп бүткөндөн кийин анын унаасындагы видеорегистраторго түшүп калган эки мүнөттүк видеону көрүүгө болот.

Парламентарий маалыматты ИИМ таркатсын деп бир сутка күтүп, бирок коомго ар кандай маалыматтар тарай баштагандыктан жооп берүүнү туура көргөнүн билдирген.

Депутаттын айтымында, окуя кечээ "Ош" базарынын аймагында BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу анын жолун кесип чыккандан кийин болгон.

“Мен капталдап өтүп, акшыңдабай эле айдасаң болот эле го десем, мени сөктү. Автоунаасын камерага тарта баштасам мени дагы оозго алгыс сөздөр менен сөгүп жиберди. Күзгүдөн карасам артыман кууп алыптыр. Чыңгыз Айтматов проспектисинен өткөндөн кийин машинасын алдыма айдап келип токтотту. Келип унаамдын эшигин ачканга аракет кылды. Машинанын айнеги ачык болчу, ошол жерден мени 2-3 жолу уруп жиберди. Окуяны ошол жердегилердин баары көрдү. Айдоочулардын бири аны машинасына салса да болбой кайра жулунуп келип менин унаамды сүрөткө тартып алды. Тоголок Молдого жеткенде мени кайра токтотуп алып коркуткан сөздөрдү айтты”, — деди Момбеков.

Депутат BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун сабабаганын жана анын жансакчысы жок экенин белгиледи. Эл өкүлүнүн айтымында, ага кол салган киши менен сүйлөшкөндө ал түрмөгө отуруп чыкканын айтып коркуткан.

“Айдоочу “мени каматам деп ойлоп жатасыңбы, чыгып келгенден кийин сага жашоо бербейм” деди. Негизи бул бала биринчи жолу келип жолумду тоскондо ИИМ жетекчиси Улан Ниязбековго чалдым. Ал азыр балдар барат деп айтты. Андан соң патрулдук милиция келип айдоочуну алып кеткен. Ким сабап салганын билбейм”, — деди Момбеков.

Депутат Sputnik агенттигинин кабарчысына скриншот жиберди, андан эл өкүлү министрге чалганын көрүүгө болот. Момбеков ага кол салуу болгонун далилдеген 20 мүнөттүк видео дагы бар экенин айтты. Эл өкүлү өткөн суткада милиционерлер ага арыз жазып коюуну сунуштаганын, бирок көңүл бурбай койгонун кошумчалады.

© Фото / Рыскелди МомбековДепутат Sputnik агенттигинин кабарчысына скриншот жиберди, андан эл өкүлү министрге чалганын көрүүгө болот
Депутат Sputnik агенттигинин кабарчысына скриншот жиберди, андан эл өкүлү министрге чалганын көрүүгө болот - Sputnik Кыргызстан
1/2
Депутат Sputnik агенттигинин кабарчысына скриншот жиберди, андан эл өкүлү министрге чалганын көрүүгө болот
© Фото / Рыскелди МомбековДепутат Sputnik агенттигинин кабарчысына скриншот жиберди, андан эл өкүлү министрге чалганын көрүүгө болот
Депутат Sputnik агенттигинин кабарчысына скриншот жиберди, андан эл өкүлү министрге чалганын көрүүгө болот - Sputnik Кыргызстан
2/2
Депутат Sputnik агенттигинин кабарчысына скриншот жиберди, андан эл өкүлү министрге чалганын көрүүгө болот
1/2
Депутат Sputnik агенттигинин кабарчысына скриншот жиберди, андан эл өкүлү министрге чалганын көрүүгө болот
2/2
Депутат Sputnik агенттигинин кабарчысына скриншот жиберди, андан эл өкүлү министрге чалганын көрүүгө болот

Парламентарий Чүй проспектисиндеги “Коопсуз шаардын” же уюмдардын камераларынан видеону алып деле айдоочуну жазалап койсо болмоктугун айтты.

ИИМ окуя боюнча азырынча комментарий бере элек. Депутат айыптап жаткан айдоочунун ким экени азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0