Бишкекте троллейбус өрттөнүп, айдоочу терезеден чыкты. Видео

© Фото / Кристина КуманченкоБишкектеги троллейбус. Архив
Бишкектеги троллейбус. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Жүргүнчүлөр арасында жабыркагандар жок. Күбөлөр айдоочу терезеден чыкканын айтышкан. Учурда өрт өчүрүлдү.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө троллейбустан өрт чыкты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Окуянын видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланган.

Транспорттогу өрт тууралуу маалымат болжол менен саат 10:30да түшкөн.

Кайгуул кызматы билдиргендей, өрт автотранспорттун электрондук панелинен чыккан. Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу троллейбустун терезесинен чыгып, жүргүнчүлөр арасынан эч ким жабыркаган эмес. Өрт өчүрүлүп, троллейбус депого токтотулганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0