https://sputnik.kg/20210820/chujdo-zhol-kyrsygy-1053622322.html
Чүйдө бетонду сүзгөн автоунаанын таш-талканы чыгып, үч адам каза болду
Чүйдө бетонду сүзгөн автоунаанын таш-талканы чыгып, үч адам каза болду
Sputnik Кыргызстан
Чүйдүн Ивановка айылында болгон жол кырсыгында үч адам каза болду. Бирөө жаш бала. Жабыркагандар Тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген. 20.08.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-08-20T21:37+0600
2021-08-20T21:37+0600
2021-12-15T22:57+0600
https://sputnik.kg/img/07e5/08/14/1053622207_0:94:1010:665_1920x0_80_0_0_650309926fcdd28f64a97404fcd2cf17.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/08/14/1053622207_0:38:1010:673_1920x0_80_0_0_f5d38bf1e9d2338b422b0230e6b6f1b7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, окуялар, кыргызстан, өкм, 2021-жылдын башынан бери кыргызстанда болгон жол кырсыктар
жаңылыктар, окуялар, кыргызстан, өкм, 2021-жылдын башынан бери кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Чүйдө бетонду сүзгөн автоунаанын таш-талканы чыгып, үч адам каза болду
21:37 20.08.2021 (Жаңыртылды: 22:57 15.12.2021) Чүйдүн Ивановка айылында болгон жол кырсыгында үч адам каза болду. Бирөө жаш бала. Жабыркагандар Тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында (Ивановка айылы) болгон жол кырсыктан үч адам каза болгон. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун ортосундагы бетон тосмону сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен үч адам (бир эркек, бир аял, бир бала — ӨКМ) жеринде каза болуп, дагы үчөө (эки аял, бир эркек — ӨКМ) жабыркаган. Учурда каза болгондордун жана жабыркагандардын ким экени такталууда.
Жерине Токмок шаардык № 21 ӨКБдан төрт куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып Тез жардам кызматына өткөрүп берген. Ал эми каза болгондорду куткаруучулар келгенге чейин Тез жардам кызматы алып кеткен.