Аксыда нөшөрдөн улам көчөдөн дарыядан аккан суудай сел жүрдү. Видео

© Sputnik / Эдуард Глок / Медиабанкка өтүүСуу каптаган көчө. Архив
Суу каптаган көчө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
Кадрдан ылай аралаш суу үйлөрдү каптап, жолдорду жууп кеткенин көрүүгө болот. Сел катуу жааган жарым сааттык жамгырдан кийин жүргөн.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Жалал-Абад облусундагы айылдардын биринин жолу дарыяга айланды. Бул тууралуу окурман билдирип, видео жиберди.

Кадрдан чындап эле сел жолду жууп кеткенин жана анын агымы дарыяны элестетерин көрүүгө болот.

"Саат 19:00дө жамгыр катуу жаай баштады. Ал эми 19:24тө сел жүрдү. Окуя Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылында болду", — деп жазды окурман.

Эске салсак, буга чейин Кыргызгидромет шашылыш билдирүү тараткан. Ага ылайык, 6-8-август аралыгында толуу аймактарда жаан катуу жаап, сел жүрүү кооптуулугу бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0