ӨКМ элди коопсуз жайга көчүрүүдө. Караколдо дарыя нугунан чыгып, кооптуулук жаратты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Жазылуу
Ташкындаган суу жээктеги бак-дарактарды тамыры менен агызып кеткен, бир көпүрөнү жарым-жартылай зыянга учураткан.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Каракол суусу нугунан чыгып, тегерегиндеги турак жайларды каптап кетүү коркунучунан улам 27 үйдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ташкындаган суу жээктеги бак-дарактарды тамыры менен агызып кеткен жана бир көпүрөнү жарым-жартылай зыянга учураткан. Шаардагы паркты да суу каптаган.

"Каракол суусунун кооптуу тилкелерин аныктоо максатында 24 куткаруучу жана шаардык мэриянын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барып жатат", — деп кабарлады ӨКМден.

Маалыматта Каракол шаардык жарандык коргоо кызматтарынын инженердик техникалары иш алып барып жатканы кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0