Чүйдө жол кырсыгынан төрт адам каза тапты. Таш-талканы чыккан унаанын сүрөтү
Чүйдө жол кырсыгынан төрт адам каза тапты. Таш-талканы чыккан унаанын сүрөтү
Sputnik Кыргызстан
Каргаша кечээ кечинде болгон. Каза тапкан төрт кишиден тышкары беш адам жаракат алган, алардын учурда абалы оор экени айтылды. 23.07.2021, Sputnik Кыргызстан
Каргаша кечээ кечинде болгон. Каза тапкан төрт кишиден тышкары беш адам жаракат алган, алардын учурда абалы оор экени айтылды.
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Чүйдө Honda Stepwgn жана Mitsubishi Pajero автоунаалары кагышып, анын кесепетинен төрт киши көз жумганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Каргаша 22-июль күнү саат 21:20лар чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 107-чакырымындагы Нур айылында болгон.
Каргаша 22-июль күнү саат 21:20лар чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 107-чакырымындагы Нур айылында болгон.
Жерине аталган унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган үч куткаруучу тартылып, көз жумган төрт кишинин сөөгүн унаадан чыгарып, тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришкен.