Жалал-Абадда 18 жаштагы өзбекстандык кыз изделүүдө

© AFP / SAEED KHAN Көчөдө бара жаткан кыздын силуэти. Архив
Көчөдө бара жаткан кыздын силуэти. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Жазылуу
Бахрамова Севинч Шерзод кызы Кыргызстандын Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин 1-курсунда окучу.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жалал-Абад ШИИБдин маалымат кызматы 18 жаштагы Өзбекстандын жараны изделип жатканын билдирди.
Ага ылайык, милицияга Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусуна караштуу Яккабак шаарынын Ойша Азаматова аттуу тургуну кайрылып, небереси дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Анын айтымында, Бахрамова Севинч Шерзод кызы Кыргызстандын Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин 1-курсунда окучу. Ал Жалал-Абад шаарында жашап жүрүп ушул жылдын 3-майында Өзбекстандын аймагына кирген боюнча дайынсыз.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр. Кара тору, чачы, көзү, кашы кара, мурду кырдач, арык. Сол далысында сары күрөң калы бар.
Эгер Бахрамова Севинч Шерзод кызы боюнча кандайдыр бир маалыматтар болсо, милиция төмөнкү телефондорго кабарлап коюуну өтүндү: 102 кыска номери, (03722) 5-28-31, 7-03-44, 0(0224) 95-15-15, 0(773)00-08-02.
Жаңылыктар түрмөгү
0