Бир суткада коронавирус 730 кишиден табылып, 6 киши көз жумду

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүЛечение больных с COVID-19 в резервном госпитале на ВДНХ
Лечение больных с COVID-19 в резервном госпитале на ВДНХ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2021
Жазылуу
Ооруканада дарыланып жаткандардын ичинен 709 адамдын абалы оор болсо, 99 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 730 кишиден аныкталып, 344 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 312;
  • Ош – 100;
  • Чүй облусу – 74;
  • Ош облусу – 74;
  • Талас облусу – 13;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 22;
  • Жалал-Абад облусу – 68;
  • Баткен облусу – 65.
Ушуну менен өлкөдө оору аныкталгандардын саны 115 030га жетип, анын ичинен 105 050 киши дартты жеңген.
Айыккандар:
  • Бишкек ш.– 205;
  • Ош ш. – 21;
  • Чүй облусу – 47;
  • Ош облусу – 26;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Жалал-Абад облусу – 16;
  • Баткен облусу – 15.
Акыркы суткада COVID-19 алты адамдын өмүрүн алган. Анын ичинен төрт бейтап Бишкекте, бирөө Чүйдө, дагы бири Жалал-Абад облусунда каза тапкан.
Өлкөдө жалпысынан 2 375 киши стационарда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 709 бейтаптын абалы оор болсо, 99 адамдын абалы өтө оор деп бааланды. 
Жаңылыктар түрмөгү
0