20:52 16 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7960
  • EUR99.8176
  • RUB1.1707
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
87 0 0

Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, шектүү менен каза тапкан адам уруша кеткен. Кылмыш кылды деген баланы милиция Бишкектен кармады.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Чүйдүн Панфилов районунда 57 жаштагы кишини өлтүрүүгө шектелип 17 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 14-июнь күнү саат 01:01де Панфилов райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө кыйнап өлтүрүлгөн кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн. Аталган факты Жазык кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен каттоого алынган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө каза тапкан киши Кум-Арык айылынын С.Э. аттуу 57 жаштагы тургуну экени аныкталган. Аны өлтүрүүгө шектелип Бишкектеги көчөлөрдүн биринен 17 жаштагы Г.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, экөө уруша кетип, жаш бала кишинин денесине залал келтирип из жашырып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Тема боюнча

Таарынычтан улам адам өлтүргөн. Түптө эки шектүү кармалды
Апасы Россияга кеткен. Жети-Өгүздө үч жашар бала ур-токмоктон чарчап калды
Белгилер:
Чүй облусу, Панфилов району, милиция, киши өлтүрүү, кармоо, шектүү

ЭҢ МААНИЛҮҮ