https://sputnik.kg/20210605/talas-unaadan-kyzdyn-soogu-tabylyp-shektuu-oldu-1052735182.html
Талас: 18 жаштагы кыздын сөөгү табылса, ага шектүү өз жанын кыйганы айтылды
Талас: 18 жаштагы кыздын сөөгү табылса, ага шектүү өз жанын кыйганы айтылды
Sputnik Кыргызстан
Милиция алгач Жаңы-Жер айылындагы токтоп турган автоунаадан октон каза болду деген кыздын сөөгүн тапкан. Окуяга шектелген улан асынып алса, шек жараткан дагы... 05.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-05T11:46+0600
2021-06-05T11:46+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
окуялар
талас
кара-буура
милиция
кыз
өлүм
шектүү
https://sputnik.kg/img/104478/71/1044787191_0:563:1216:1247_1920x0_80_0_0_2f2b13905c50abd08e66f3454adf5f6d.jpg
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Таластын Кара-Буура районунда автоунаанын ичинен 18 жаштагы кыздын сөөгү табылды, аны өлтүрүүгө шектелген 19 жаштагы улан өз өмүрүнө кол салган. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.Ага ылайык, кечээ, 4-июнь күнү, болжол менен саат 15:20 чамасында Кара-Буура РИИБдин нɵɵмɵт бɵлүмүнɵ Тез жардам кызматы Жаңы-Жер айылында белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат берген.Машина райондук милициянын автоунаа токтотуучу жайына киргизилип, Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.Тергөө-ыкчам иштеринин негизинде кылмышка шектүү бүгүн, 5-июнда, болжол менен саат 07:00дө табылып, ал милиционерлер барган учурда асынып каза болгондугу аныкталган."Шектүү А.Т. 19 жашта, Кара-Буура районунун Кара-Суу айылынын тургуну экендиги такталды. Андан тышкары райондук милициянын тергөө бөлүмүнө 18 жаштагы Р.Н. аттуу жаран алып келинип, анын кылмышка канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендиги текшерилип жатат", — деп билдиришти облустук милициядан.Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүүдө.
https://sputnik.kg/20210512/zombuluk-menen-oltuulgon-eki-ayal-1052473860.html
талас
кара-буура
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104478/71/1044787191_0:449:1216:1361_1920x0_80_0_0_e3f398c116ed6f463f34c89e5fdda8ef.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, талас, кара-буура, милиция, кыз, өлүм, шектүү
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, талас, кара-буура, милиция, кыз, өлүм, шектүү
Талас: 18 жаштагы кыздын сөөгү табылса, ага шектүү өз жанын кыйганы айтылды
11:46 05.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Милиция алгач Жаңы-Жер айылындагы токтоп турган автоунаадан октон каза болду деген кыздын сөөгүн тапкан. Окуяга шектелген улан асынып алса, шек жараткан дагы бир жаран кармалган.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Таластын Кара-Буура районунда автоунаанын ичинен 18 жаштагы кыздын сөөгү табылды, аны өлтүрүүгө шектелген 19 жаштагы улан өз өмүрүнө кол салган. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кечээ, 4-июнь күнү, болжол менен саат 15:20 чамасында Кара-Буура РИИБдин нɵɵмɵт бɵлүмүнɵ Тез жардам кызматы Жаңы-Жер айылында белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат берген.
"Окуя болгон жерге барган милиционерлер токтоп турган автоунаанын ичинен болжолдуу түрдө октон жаракат алып көз жумган аялдын сөөгүн табышкан. Маркумдун Жаңы-Жер айылынын 18 жаштагы тургуну экени аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Машина райондук милициянын автоунаа токтотуучу жайына киргизилип, Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө-ыкчам иштеринин негизинде кылмышка шектүү бүгүн, 5-июнда, болжол менен саат 07:00дө табылып, ал милиционерлер барган учурда асынып каза болгондугу аныкталган.
"Шектүү А.Т. 19 жашта, Кара-Буура районунун Кара-Суу айылынын тургуну экендиги такталды. Андан тышкары райондук милициянын тергөө бөлүмүнө 18 жаштагы Р.Н. аттуу жаран алып келинип, анын кылмышка канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендиги текшерилип жатат", — деп билдиришти облустук милициядан.
Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүүдө.