Баткен: чек арадагы айылдардан 800дөн ашуун киши көчүрүлдү. Сүрөт, видео

© Sputnik / Зульфия ТургуноваБаткенде чек арадагы айылдардан көчүрүлгөн кишилер
Баткенде чек арадагы айылдардан көчүрүлгөн кишилер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Чыр-чатак болгон аймактан көчүрүлгөндөр тамак-аш, жууркан-төшөк жана башка керектүү нерселер менен камсыздалып жатат.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам коопсуз жакка 848 адам көчүрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 498 киши Баткен шаарына, 350 адам Лейлек районундагы мектеп жана гимназиялардын спорттук залына көчүрүлдү.
Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары аларды тамак-аш, жууркан-төшөк жана башка керектүү нерселер менен камсыздап жатат.
© Sputnik / Зульфия ТургуноваБаткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам коопсуз жакка 848 адам көчүрүлдү
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам коопсуз жакка 848 адам көчүрүлдү - Sputnik Кыргызстан
1/5
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам коопсуз жакка 848 адам көчүрүлдү
© Sputnik / Зульфия ТургуноваБул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады
Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады - Sputnik Кыргызстан
2/5
Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады
© Sputnik / Зульфия ТургуноваАга ылайык, 498 киши Баткен шаарына, 350 адам Лейлек районундагы мектеп жана гимназиялардын спорттук залына көчүрүлдү
Ага ылайык, 498 киши Баткен шаарына, 350 адам Лейлек районундагы мектеп жана гимназиялардын спорттук залына көчүрүлдү - Sputnik Кыргызстан
3/5
Ага ылайык, 498 киши Баткен шаарына, 350 адам Лейлек районундагы мектеп жана гимназиялардын спорттук залына көчүрүлдү
© Sputnik / Зульфия ТургуноваЖергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары аларды тамак-аш, жууркан-төшөк жана башка керектүү нерселер менен камсыздап жатат
Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары аларды тамак-аш, жууркан-төшөк жана башка керектүү нерселер менен камсыздап жатат - Sputnik Кыргызстан
4/5
Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары аларды тамак-аш, жууркан-төшөк жана башка керектүү нерселер менен камсыздап жатат
© Sputnik / Зульфия ТургуноваАйрым жарандар Баткен шаарындагы жакындарынын үйүнө жайгашканы айтылат
Айрым жарандар Баткен шаарындагы жакындарынын үйүнө жайгашканы айтылат - Sputnik Кыргызстан
5/5
Айрым жарандар Баткен шаарындагы жакындарынын үйүнө жайгашканы айтылат
1/5
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам коопсуз жакка 848 адам көчүрүлдү
2/5
Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады
3/5
Ага ылайык, 498 киши Баткен шаарына, 350 адам Лейлек районундагы мектеп жана гимназиялардын спорттук залына көчүрүлдү
4/5
Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары аларды тамак-аш, жууркан-төшөк жана башка керектүү нерселер менен камсыздап жатат
5/5
Айрым жарандар Баткен шаарындагы жакындарынын үйүнө жайгашканы айтылат
Айрым жарандар Баткен шаарындагы жакындарынын үйүнө жайгашканы айтылат.

Баткендеги жаңжал

28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Автомат Калашников. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Чек ара кызматы: Тажикстан Кыргызстандын үч заставасы менен эки постун аткылады
Акыркы маалымат боюнча, окуя учурунда 16 кыргызстандык жаракат алып, бири оор абалда жатат. Мындан башка дагы бир киши көз жумду. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.
Сөз болуп жаткан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0