Түптө жол кырсыгынан 19-20 жаштагы үч бала көз жумду. Дагы үчөө ооруканада
09:40 13.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / пресс-служба МЧС КРЫсык-Көл облусунун Түп районунда болгон жол кырсыгы
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Жазылуу
Маркумдардын сөөгүн куткаруучулар укук коргоо органдарына өткөрүп берген. 20 жаштагы дагы үч бала Түп райондук ооруканасына жеткирилди.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районунда эки жеңил автоунаа кагышып, анын кесепетинен үч бала каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба МЧС КРЫсык-Көл облусунун Түп районунда эки жеңил унаа кагышып, анын кесепетинен үч жаш бала каза тапты
1/2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Ысык-Көл облусунун Түп районунда эки жеңил унаа кагышып, анын кесепетинен үч жаш бала каза тапты
© Фото / пресс-служба МЧС КРОкуя кечээ, 12-апрель күнү, саат 23:14тө Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 204-чакырымында Михайловка айылына жакын жерде болгон
2/2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Окуя кечээ, 12-апрель күнү, саат 23:14тө Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 204-чакырымында Михайловка айылына жакын жерде болгон
1/2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Ысык-Көл облусунун Түп районунда эки жеңил унаа кагышып, анын кесепетинен үч жаш бала каза тапты
2/2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Окуя кечээ, 12-апрель күнү, саат 23:14тө Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 204-чакырымында Михайловка айылына жакын жерде болгон
Окуя кечээ, 12-апрель күнү, саат 23:14тө Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 204-чакырымында Михайловка айылына жакын жерде болгон. Анда Toyota Camry жана Audi C4 сүзүшкөн.
Көз жумган 19-20 жаштагы үч эркек баланын сөөгүн унаадан куткаруучулар чыгарып, укук коргоо органдарына өткөрүп берген. 20 жаштагы дагы үч бала жабыркап, Түп райондук ооруканасына тез жардам аркылуу жеткирилгени айтылды.
Куткаруу иштерине Каракол шаардык №15 өрт куткаруу бөлүгүнөн беш куткаруучу тартылган.