Түптө жол кырсыгынан 19-20 жаштагы үч бала көз жумду. Дагы үчөө ооруканада
Түптө жол кырсыгынан 19-20 жаштагы үч бала көз жумду. Дагы үчөө ооруканада
Sputnik Кыргызстан
Маркумдардын сөөгүн куткаруучулар укук коргоо органдарына өткөрүп берген. 20 жаштагы дагы үч бала Түп райондук ооруканасына жеткирилди. 13.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-13T09:40+0600
2021-04-13T09:40+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
окуялар
ысык-көл
түп
өкм
жол кырсык
унаа
өлүм
2021-жылдын башынан бери кыргызстанда болгон жол кырсыктар
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районунда эки жеңил автоунаа кагышып, анын кесепетинен үч бала каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.Окуя кечээ, 12-апрель күнү, саат 23:14тө Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 204-чакырымында Михайловка айылына жакын жерде болгон. Анда Toyota Camry жана Audi C4 сүзүшкөн.Көз жумган 19-20 жаштагы үч эркек баланын сөөгүн унаадан куткаруучулар чыгарып, укук коргоо органдарына өткөрүп берген. 20 жаштагы дагы үч бала жабыркап, Түп райондук ооруканасына тез жардам аркылуу жеткирилгени айтылды.Куткаруу иштерине Каракол шаардык №15 өрт куткаруу бөлүгүнөн беш куткаруучу тартылган.
Маркумдардын сөөгүн куткаруучулар укук коргоо органдарына өткөрүп берген. 20 жаштагы дагы үч бала Түп райондук ооруканасына жеткирилди.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районунда эки жеңил автоунаа кагышып, анын кесепетинен үч бала каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя кечээ, 12-апрель күнү, саат 23:14тө Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 204-чакырымында Михайловка айылына жакын жерде болгон
Окуя кечээ, 12-апрель күнү, саат 23:14тө Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 204-чакырымында Михайловка айылына жакын жерде болгон. Анда Toyota Camry жана Audi C4 сүзүшкөн.
Көз жумган 19-20 жаштагы үч эркек баланын сөөгүн унаадан куткаруучулар чыгарып, укук коргоо органдарына өткөрүп берген. 20 жаштагы дагы үч бала жабыркап, Түп райондук ооруканасына тез жардам аркылуу жеткирилгени айтылды.
Куткаруу иштерине Каракол шаардык №15 өрт куткаруу бөлүгүнөн беш куткаруучу тартылган.