10:11 02 Жалган Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7835
  • EUR102.2065
  • RUB1.1450
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
217 0 0

Өрттөн жабыркагандардын экөө облустагы биргелешкен ооруканада, сегиз бейтап Кара-Буура аймактык ооруканасында дарыланууда. Алардын арасында жаш бала бар.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Талас облусундагы тез тамактануучу жайдагы өрттөн күйүк алган адамдардын абалы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, учурда 10 адам облустук биргелешкен ооруканасында жана Кара-Буура аймактык ооруканасында дарыланууда. Жабыркагандардын бири жаш бала. Ал эми бир бейтап үй шартында дарыланууга жиберилген.

Кара-Буура аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткандар:

  • 32 жаштагы К.к.Б. денесинин 82 пайызы күйүп калган, абалы өтө оор;
  • 29 жаштагы С.у.А. денесинин 32 пайызын күйүк алган, абалы орто оор;
  • 29 жаштагы Т.Ч. денесинин 36 пайызын күйүк алган, абалы орто оор.

Калган беш жабырлануучу ар кандай деңгээлдеги күйүк менен Кара-Буурадагы оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Дарыгерлер алардын саламаттыгын орточо туруктуу деп баалашууда.

Эки жабырлануучу Талас облустук биргелешкен ооруканасына которулуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Алар:

  • 40 жаштагы К.С., денесинин 40 пайызга жакынын күйүк алган, абалы оор деп бааланууда;
  • 41 жаштагы К.З., денесинин 45-48 пайызын күйүк алган, абалы оор деп бааланууда.                            Бейтаптар үчүн дары-дармек жетиштүү экени айтылды.

Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылындагы "Шаурма City" тез тамактануучу жайда 4-январь күнү газ баллон жарылып, өрт чыккан. Кырсыктын келип чыгышына газ баллонду колдонууда өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин бузулушу себеп болгон.

Тема боюнча

Таластагы жарылуу: кырсыктын себеби айтылып, дарыгерлер консилиум өткөрүүдө
Таластагы тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, 11 киши жабыркады. Видео
Белгилер:
баллон, Газ, Талас, оорукана, бейтап, күйүк, абал, өрт, жарылуу

ЭҢ МААНИЛҮҮ