Бешөөнүн абалы оор. Митингден жаракат алгандардын саны 70тен ашты

© Sputnik / Светлана ФедотоваБишкекек шаарындагы травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору
Бишкекек шаарындагы травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорукананын жетекчисинин айтымында, жаракат алгандардын көбү милиция кызматкерлери. Учурда дарыгерлердин бардыгы жумушка чакырылган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкекте митинг учурунда жаракат алгандардын саны 70тен ашты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, жаракат алгандардын көбү милиция кызматкерлери.

"Болжолдуу түрдө беш кишинин абалы оор, алар жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Ошондой эле бутунан ачык жаракат алгандар, дене-башы көгөргөндөр, резина октон зыян тарткандар бар", — деди дарыгер.

Милиция митингчилерди кайрадан кубалоого аракет жасап жатат. Видео

Ал учурда дарыгерлердин бардыгы жумушка чакырылып, иштеп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтында акырындан эл топтолуп, түштөн кийин шайлоодон утулуп калган сегиз партиянын башын бириктирген ири митингге айланган. Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылууда. Кечке маал аянтта элдин саны көбөйүп, учурда ал чоң митингге айланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0