Бишкектин четинде Түркиянын жаранын атып, акчасы менен унаасын карактап кетишти

© AFP / RAUL ARBOLEDAТапанча кармаган адам. Архив
Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучу окуядан кийин ар кандай жаракат алып, борбор калаадагы ооруканалардын бирине жаткырылган.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Аламүдүн районунда белгисиз адамдар Түркиянын жаранына кол салып, атып кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Окуя Бишкектин четиндеги Кашка-Суу айылында болгон. Кол салуу боюнча милицияга 24-сентябрда түнкү саат 23.50дө кабарлашкан.

Жерине барган милиционерлер саат 23:40та бет кап кийген белгисиз адамдар 42 жаштагы чет элдик жаранга күч колдонуп, курал менен атып кетишкенин аныкташкан. Каракчылар анын 80 миң сом акчасын алып, машинасын айдап качып кеткен. Жабырлануучу ар кандай жарааты менен ооруканага жаткырылган.

Бишкекте эки милиционерге бычак кезеген кишини ок чыгарып кармашты. Видео

Учурда шектүүлөр изделип жатат. Иш менен Чүй РИИБдин жана ОИИБдин тажрыйбалуу тергөөчүлөрү алектенүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0