Насыя үчүн аялын өлтүрө сабаган зөөкүр. Июлдагы соттук чечимдер

CC BY 2.0 / Fort George G. Meade Public Affairs Office / Муштумун түйүп турган адам. Архив
Муштумун түйүп турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узап кеткен айда өлкө аймагындагы Фемида өкүлдөрү бир топ чуулуу иштерди карап чыкты. Алардын арасында кызматтык, экономикалык мүнөздөгү жана адам өмүрүн алган кылмыштар да бар.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги июлдагы төбө чачты тик тургузган кылмыштардын айрымдарын сунуштайт.

Россияда сатылган КРдин паспорттору. Өзбекстандын жараны 2015-жылдан бери Россияда айдоочу болуп иштеп келген. Бирок 2019-жылдан баштап ЕАЭБдин миграция боюнча мыйзамдары күчүнө кирип, уюмга мүчө эмес мамлекеттерден баргандардын иштөөсүндө кыйынчылыктар жаралган. Ошондо айыпталуучу интернет аркылуу 45 миң рублге КРдин жасалма паспортун алган. Көп өтпөй ал россиялык укук коргоо органдарынын колуна түшүп, Кыргызстанга депортацияланган. Аны кайра "Манас" эл аралык аэропортундагы чек арачылар жасалма документ менен кармаган. Сот чет элдикти бир ай үй камагына калтырып, 110 миң сом айып салды.

Бишкекте 5 адамга кычкылтек концентраторун убадалап, алдап кеткен шектүү кармалды

Мурдагы аялын зордуктаган мамкызматкер. Мамлекеттик органда иштеген 29 жаштагы эркек ажырашып кеткен келинчегин түндө үйгө алып келип сабап, андан соң анын эркине каршы күч колдонуп зордуктаганы боюнча жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Тергөө маалында күнөөлөнүүчү ал түнү үйдө чогуу болгонун, кол көтөргөнүн, бирок келин менен жыныстык катнашта болбогонун билдирген. Погончондор материалдарды чогултуп, күбөлөрдөн көрсөтмө алып, ишти сотко өткөргөн. Фемида өкүлдөрү эргулду Жазык кодексинин 139-беренесинин ("Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү") биринчи бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, үч жыл түзөтүү жумуштарына бекитти. Ал эми келинге 150 миң сомго жакын акча төлөп бермей болду.

Насыя үчүн аялын өлтүрүп... Элетте жашаган эрди-катын банктан алган насыясынын айынан уруша кетишип, мас болгон бүлө башчысы аялын катуу сабап салган. Кожойке окуя болгондон бир нече саат өткөндөн кийин эле төшөктө жатып көз жумган. Аны байкаган күйөөсү коркуп кетип кошуналарын жана милиция кызматкерлерин чакырган. Зөөкүр эргул эми бир нече жылга темир тор артында калып, ири көлөмдө айып пул төлөйт.

Өзгөндө таксистти өлтүрүп, сөөгүн өрттөдү делген эки өспүрүм камакка алынды

Көчөдөгү зөөкүрчүлүк. Мурда соттолгон 24 жаштагы жигит көчөдө бейтааныш эркек менен арак ичип, экөө мушташа кеткен. Ал бөтөлкөлөш шеригинин колу-бутун байлап, оозуна чүпүрөк тыгып, катуу сабаган. Анысы аз келгенсип, үстүнө автоунаанын дөңгөлөгүн таштап кетип калган. Берки адам баш сөөгүнөн жаракат алып, мээсине кан куюлуп өлгөн. Соттук-психиатриялык экспертиза айыпталуучу кылмыш жасаган маалда акыл-эси ордунда, кылгандарына жооп берген абалда болгон деген бүтүм чыгарган. Эми ал 12,5 жыл темир тор артында болот.

Бычакташкан жаштар. Мектепти жаңы эле бүтүргөн бала өзүнүн сүйлөшкөн кызынын мурдагы жигити менен көчөдө кезигип, чаламандын чак түшүндө аны бычактап салган. Жыйынтыгында 18 жаштагы баланын ашказан, бөйрөгү бычактан жабыркап, ооруканада көз жумган. Жаштардын урушу кыздын айынан чыккан. Адам өмүрүн алган улан 12,5 жылга кесилди.

Ноокенде 10 жашар кызды зордуктаган бала өмүр бою эркинен ажыратылды

Кемпирдин өмүрүнө кол салган ишкер. Бишкек шаарынын 43 жаштагы тургуну ишкерлик менен алектенип, жеке фирманын жетекчиси болуп иштеп келген. Ал 2005-2006-жылдары мамлекетке 4,5 миллион сомдон ашык бажы төлөмдөрүн бербей Казакстанга качып кетип, издөөгө алынган. Бир нече жыл өткөндөн кийин Кыргызстанга кайтып келип, таксист болуп иштеп, пенсия курагындагы бир кемпирге азык-түлүк жеткирип берип тыйын таап жүргөн. Күндөрдүн биринде ал жалгыз жашаган пенсионер менен тил табыша албай, жашы улгайган аялды өз батиринде балка менен башка чапкылап өлтүрүп койгон. Эртеси милицияга өзү келген. Сот аны 17 жылга темир тор артына кесип, 100 миң сомго жыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0