00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
9 мин
Особый акцент
От монополий до колоний: как появился империализм - беседа о социуме
14:11
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
4 мин
Ачык кеп
Окуу жайлардын жоопкерчилиги жана лицензиялык талаптар. Миинстрликтин демилгеси
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Танцуешь — значит тренируешься: в чем секрет популярности зумбы
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ата мурасы — элге кызмат: Жаманбаев тууралуу кызынын баяны
17:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Кто управляет вашим домом: как работают ТСЖ и что меняет новый законопроект КР
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
3 спорттун түрү боюнча күч сынашат — VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык кайсы этапта?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Киноблог
Дедлайн, новая команда и камера: как за три дня снять кино — и зачем это вообще
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Окуу жайлардын жоопкерчилиги жана лицензиялык талаптар. Миинстрликтин демилгеси
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өзгөндө таксистти өлтүрүп, сөөгүн өрттөдү делген эки өспүрүм камакка алынды

Жазылуу
Таксистти өлтүрүүгө шектүүлөрдүн кылмышын жашырган достору адегенде убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу. Дагы бир жашы жете элеги үй камагында калтырылган.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Өзгөн шаарында таксистти өлтүрүп, сөөгүн өрттөөгө шектүү эки өспүрүм алардын кылмышын жашырган эки досу менен Өзгөн райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди

"Окуя тууралуу угуп, бирок милицияга кабар бербегендиги үчүн шектүүлөрдүн үч таанышына кылмыш ишин жашыруу беренеси боюнча айып тагылган болчу. Сот алардын баш коргоо чарасын карап, экөөсүн убактылуу кармоочу жайга киргизип, бирөө 15 жашта болгондуктан үй камагына алуу чечимин чыгарган", — деди Аширбаев.

Бишкекте 5 адамга кычкылтек концентраторун убадалап, алдап кеткен шектүү кармалды

Эскерте кетсек, Өзгөн шаарында 29 жаштагы тургун киши колдуу болуп, сөөгү өрттөлгөнү айтылган. Маркумдун апасы уулу 19-июлда кечке жуук автоунаасы менен Өзгөн шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз экендигин айтып, 24-июлда райондук милицияга кайрылган. Ушул эле күнү кечинде дайынсыз болуп жаткан жарандын унаасы Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагынан табылган. Ыкчам-тергөө тобуна жергиликтүү тургун 22-июлда түнкү саат 3:00дөр чамасында автоунаа күйүп жаткандыгын көрүп, өчүргөнүн билдирген.

27-июлда түшкө маал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Өзгөндүн Кароол айылындагы Кара-Дарыянын жээгинен адамдын күйгөн сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Ал 19-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан 29 жаштагы Ж.у.М экендиги аныкталган.

Окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча катталган. Ошол эле күнү кылмышка шектүү катары 16 жана 17 жаштагы эки өспүрүм кармалган.

Ноокенде 10 жашар кызды зордуктаган бала өмүр бою эркинен ажыратылды

Алар берген көрсөтмөсүндө таксистти кокусунан өлтүрүп алгандыгын айтышкан. Андан соң өспүрүмдөр сөөктү кайда катарын билбей, бензин чачып өрттөп, суунун жээгине таштап кетишкен. Унааны бир күндөн кийин башка аймакка айдап барып өрттөп жиберишкен.

Маркум Өзгөн шаарындагы банктардын биринде күзөт кызматында иштеген. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы үчүнчү перзентин күтүп жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0