БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Мурдагы депутат Болот Шер 61 жашында ооруканада көз жумду. Маалыматты маркумдун жакындары тастыктады.
Эске салсак, экс-депутат Болот Шер 12-июнга караган түнү инсульт алып ооруканага түшкөн. Андан кийин абалы жакшырып калганы айтылган.
Болот Шер Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты, төраганын орун басары болгон. 2010-жылы 7-апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттө ички иштер министри болуп иштеген.
Ал 1959-жылы 1-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Пушкин айылында туулган. Артында эки уул, эки кызы калды.