Бишкекте жүргүнчү ташыган бустардын айдоочулары мушташа кетти. Видео

Жазылуу
Бишкектин чок ортосу, "Ала-Тоо" аянтынын жанында кичи автобустун эки айдоочусу мушташа кеткен. ШИИБ видеодогу окуя териштирилерин айтты.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. "Короче" Telegram-каналы Бишкекте жүргүнчү ташып иштеген кичи автобус айдоочуларынын мушташкан видеосун жарыялады.

"Бишкектин чок ортосундагы мушташ. Жаңжал "Ала-Тоо" аянтынын жанында болгон. Маалым болгондой, бул жерде кичи автобус айдоочулары чырылдашып жатат", — деп жазылган видеонун алдында.

Анда көрүнүп тургандай, аялдаманын түбүндө жол жээгинде эки киши урушуп жатат. Аларды ошол жердегилер ажыратууга аракет кылышкан. Бирок маршрутка айдоочулары бети-башын койгулап, бирөөсү экинчисинин бетин канаткан. Ортодо кишилердин кайра ажыратканын көрүүгө болот. Аягында экөө урушуп, кайра кол алышып автоунааларына түшүп кеткен.

Бишкек ШИИБ "102" номерине бул боюнча чалуу түшпөгөнүн айтып, видео териштирилерин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0