00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте мас киши эки милиционерди жарадар кылганбы? Соцтармактагы видео

Жазылуу
Бүгүн кеч курун Бишкектин "шлагбаум" деп аталган аймагында мас кишинин бычакка окшогон буюм менен башкаларды коркутуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкекте эркек киши өзү менен чогуу жашаган аялды барымтага алып, эки милиционерди жарадар кылганын Oppa Instagram-аккаунту жазып чыкты.

Билдирүүдө окуянын видеосу да жүктөлгөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Oppa (@oppa_kg)

Посттогу маалыматка ылайык, Бишкектин "шлагбаум" деп аталган аймагында эркек киши өзү менен чогуу жашаган аялды кызганып, өлтүрөм деп коркуткан.

"Окуя болгон жерге Кайгуул милициянын кызматкерлери менен Биринчи май районунун №5 милиция бөлүмүнүн жетекчиси келди. Ал берки киши менен сүйлөшүп, колундагы бычагын алганга аракет кылган. Натыйжада жетекчи колунан жаракат алып, дагы бир милиционердин кулагына бычак тийген", — деп айтылат маалыматта.

Бычак көтөргөн киши шаардык №5 милиция бөлүмүнө, ал эми укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен аялдын ооруканага жеткирилгени айтылган. Окуя бүгүн, 17-июнда, саат 19:00дөр чамасында болгон.

Колунда бычагы бар киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Уй кайтарган балдарга бычак менен кол салып... Майдагы соттук өкүмдөр
Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы кабар саат 19:50дө Ден Сяопин көчөсү, 23 дарегинен түшкөнүн билдиришти.

"Чакыруу түшкөн жерге Биринчи май ИИБдин ыкчам-тергөө тобу менен Кайгуул милициясынын кызматкерлери барган. Алар мас кишини кармап, райондук милиция бөлүмүнө алып келишкен. Анын 36 жаштагы С.К. аттуу жаран экендиги белгилүү болду. Милиционерлер дагы деле иштеп жатат, толук маалымат кийинчерээк болот", — деп билдирди Бишкек ШИИББинен.

Шаардык милиция укук коргоо органдарынын кызматкерлери жаракат алганбы деген суроого "бардыгы аман-эсен, зыян тарткан жок" деп жооп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0