Бишкекте жүк ташуучу аскердик автоунаа көпүрөдөн улам өтө албай калды. Видео

© Пресс-служба Минобороны РФ / Медиабанкка өтүүАскердик унаа. Архив
Аскердик унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы аскердик жүк ташуучу автоунаага байланышкан окуяга комментарий берди.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкекте аскердик КамАЗ жүгү менен бара жатып бийиктиги чектелген көпүрөдөн өтө албай туруп калды.

Аталган видео "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.

Кадрдан жүк ташуучу автоунаа күзөтчүнүн күркөсүнө окшош нерсени ташып жатканын көрүүгө болот. Анын мамлекеттик номерина караганда Мамлекеттик чек ара кызматына таандык.

Ведомствонун маалымат кызматы ал райондо газ түтүктөрү өткөрүлгөн көпүрө бар экенин түшүндүрдү. Мындан улам ал автоунаа багытын өзгөртүп, жүктү башка жол менен жеткирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0