ӨКМ: Бишкекте чыккан өрттөн бир киши каза тапты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы 6-кичи райондон чыккан өрт
Бишкек шаарындагы 6-кичи райондон чыккан өрт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан имараттагы тандырдын күйүп жатканын билдирген. Аларга чакыруу 15:48де келип түшүп, тилсиз жоого каршы бир бригада жөнөп кеткени айтылган.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарындагы 6-кичи райондон чыккан өрттөн бир адам каза болгондугун ӨКМден кабарлашты.

Эске салсак, буга чейин министрлик Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан имараттагы тандырдын күйүп жатканын билдирген. Аларга чакыруу 15:48де келип түшүп, тилсиз жоого каршы бир бригада жөнөп кеткени айтылган.

"Өрт саат 16:45те чектөөгө алынды, өрттүн кесепетинен бир адам каза болду. Азыр ким экендиги такталып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Өрттү толук өчүрүү үчүн учурда ал жерде ӨКМ кызматкерлери иштеп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0