Бүгүн Кыргызстанда дагы 14 кишиден коронавирус чыкты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүү"Гемотест" начинает делать анализы на коронавирусную инфекцию
Гемотест начинает делать анализы на коронавирусную инфекцию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктургандар боюнча күн сайын маалымат берүүдө.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында дагы 14 адамдан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында алтоо, Чүй облусунда бирөө, Ош облусунда экөө, Баткенде бирөө, Нарында жана Ысык-Көлдө экиден киши коронавируска кабылган. 

Ушуну менен жалпы жуктургандардын саны 1016 болду. 

Учурда Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0