Ош базарынын аймагында автоунаа өрттөнүп кетти. Видео

© AFP / ALAIN JOCARDӨртөнүп жаткан унаа. Архив
Өртөнүп жаткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, автоунаа өрттөнгөндүгү тууралуу билдирүү 6-майда саат 14:52лерде келип түшкөн.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Борбор калаада автоунаа өрттөнүп кетти. Кырсыктын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Күбөнүн айтымында, өрт Некрасов көчөсү тараптан чыккан.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, Кулиев көчөсүндө автоунаа өрттөнгөндүгү тууралуу билдирүү 6-майда саат 14:52лерде келип түшкөн. Кырсык болгон жерге бир өрт өчүрүү кызматы тартылган. Саат 15:14тө өрт өчүрүлгөн.

Кырсыктан жабыркагандар болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0